Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Декабрь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:56

Парламент өкмөттүн бюджет боюнча долбоорун талкуулайт


Мухаммедкалый Абылгазиев.
Мухаммедкалый Абылгазиев.

Жогорку Кеңеш бүгүнкү, 15-ноябрдагы жыйынында өлкөнүн 2018-жылдын бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүүнү жана 2019-2020-жылдарга бюджеттин долбоорун талкуулайт. Буга чейин долбоорду тармактык комитет карап, жактырган.

2019-жылы республикалык бюджеттин жалпы кирешелери 151 млрд. 454 млн. сом, ал эми чыгашасы 161,7 млрд. болору белгиленген. Таңсыктык 10,2 млрд. сомдон ашпашы керек.

Ички дүң өнүмдүн (ИДӨ) реалдуу өсүшү 2019-жылы 4%, 2020-жылы 4,4%, 2021-жылы 4,2% түзүшү керек.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тышкы насыялар (займ) жана гранттар инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн гана тартыларын, 2019-жылы бардык чыгашалар толугу менен ички булактардын эсебинен жабыларын айткан. (КЕ)

 

XS
SM
MD
LG