Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июнь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:23

Бурулай Турдаалы кызынын өлүмү боюнча сот 29-ноябрда уланат


Бурулай Турдаалы кызынын өлүмүнө шектүү Марс Бөдөшев соттук отурумда сурак берүүдө.
Бурулай Турдаалы кызынын өлүмүнө шектүү Марс Бөдөшев соттук отурумда сурак берүүдө.

Бурулай Турдаалы кызынын иши боюнча айыпталуучу Марс Бөдөшевди дарылаган дарыгер сотко келүүдөн баш тартты. Бул тууралуу анын адвокаты Жуматай Абдрахманов билдирди.

Ал экспертиза кылган адистерди сотко кошумча күбө катары чакырууну өтүндү. Мындай чечимди ал Марс Бөдөшев өзүн өзү сайган-сайбаганын аныкташ үчүн кабыл алган. Ошондой эле кошумча күбө катары ал сот отурумунда аты аталган Бурулайдын жеңеси Каныкейди чакырууну өтүнгөн, бирок Бурулай Турдаалы кызынын туугандарынын жактоочусу Есения Рамазанова Бурулайдын Каныкей аттуу жеңеси ушу тапта Москвада жүргөнүн айтып, соттук отурумга күбө катары келе албай турганын билдирди.

Кийинки соттук отурум 29-ноябрда уланат. Анда иштин материалдары изилденип, убакыт жетсе жарыш сөзгө убакыт берилет. Марс Бөдөшевдин жактоочулары жарыш сөзгө даярдана турган убакыт аз экенин айтып нааразы болуп жатышат.

Сот иши Бишкектин Свердлов райондук сотунда каралып жатат. Ушул кезге чейин бир нече отурум болуп, чакырылган 32 күбөнүн 20га жакыны суралып бүткөн. Сотто 22-ноябрда милиция кызматкерлери сурак берген. Отурум өзү сентябрда башталган.

Бурулай Турдаалы кызы быйыл 27-майда Жайыл райондук ички иштер бөлүмүндө өлтүрүлгөн. Чүй облустук ички иштер башкармалыгы аны ала качып бараткан жигит кармалгандан кийин милиция бөлүмүндө кызды бычактап, өзүнө да кол салганын билдирген.

Шектүү катары кармалган Марс Бөдөшевге Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси ("Киши өлтүрүү") менен иш козголгон. Кийинчерээк Бөдөшевдин досу Акмат Сейитов да кармалган. (AiA/KR)

XS
SM
MD
LG