Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Февраль, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 22:25

“Кыргызстандагы конфессия аралык кеңешме” түзүлөт


Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда конфессиялардын ынтымагын бекемдөөгө багытталган кеңешме түзүлөт. Бул тууралуу 5-декабрда Бишкек шаарында ар түрдүү диний уюмдардын ортосундагы сабырдуулукту жана конфессия аралык ынтымакты бекемдөөгө арналган “Кыргызстандагы конфессия аралык диалог” аттуу конференцияда айтылды. Учурда бул боюнча атайын жобо иштелип чыкты.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын басма сөз кызматы билдиргендей, иш-чара дин аралык платформа түзүүдө диний лидерлердин жана жарандык коомдун сабаттуулугун арттыруу максатында уюштурулду. Ага Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын жетекчилиги, кызматкерлери, мамлекеттик органдардын жана диний уюмдардын өкүлдөрү, эксперттер катышты.

Мындай конференция буга чейин республиканын бардык аймактарында өткөрүлгөн. (КЕ)

XS
SM
MD
LG