Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:14

Саудия Түркиянын талабын четке какты


Саудиянын тышкы иштер министри Адел ал-Жубейр.
Саудиянын тышкы иштер министри Адел ал-Жубейр.

Сауд Арабиясы расмий Анкаранын журналист Жамал Хашогжини (Хашогги) өлтүрүүгө тиешеси бар саудиялык жарандарды Түркияга өткөрүп берүү тууралуу талабын четке какты.

Саудиянын тышкы иштер министри Адел ал-Жубейр 9-декабрда Перс булуңундагы Араб Мамлекеттеринин Кызматташтык Кеңешинин Эр-Рияддагы саммитинде журналисттеринин суроолоруна жооп берип жатып, өз өлкөсү Түркиянын талабын аткарбай турганын айтты.

"Биз өз жарандарыбызды экстрадиция кылбайбыз", - деди ал-Жубейр.

Буга чейин түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган Сауд Арабиясынан журналистти өлтүрүүгө шектүү кишилерди Түркияга өткөрүп берүүнү талап кылган.

Өткөн аптада Түркиянын соту “Хашогжинин көзүн тазалоо операциясын пландоого аралашкан" деген жүйө менен Сауд Арабиясынын мураскер ханзаадасы Мухаммед бин Салмандын мурдагы кеңешчиси Сауд Ал-Кантани менен башкы чалгынчынын мурдагы орун басары Ахмед ал-Ассирини камакка алууга ордер берген.

59 жаштагы саудиялык журналист Жамал Хашогжи 2-октябрда документ иштери боюнча Сауд Арабиясынын Стамбулдагы консулдугуна келгенде өлтүрүлгөнү ырасталган. Ал 2017-жылдан бери АКШда жашап, өзгөчө Саудиянын мураскер ханзаадасын сындап келген.

Саудия бийлиги Хашогжини өзүм билемдикке жол берген адамдар өлтүрүп алганын, бул окуя боюнча кеминде 21 саудиялык кармалганын билдирген.

XS
SM
MD
LG