Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:05

11 айда Кыргызстандын ИДӨсү 3,1 пайызга арбыды


Кумтөр кени.
Кумтөр кени.

Кыргызстандын ички дүң өнүмү быйылкы жылдын 11 айында 474,5 миллиард сомду түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 3,1 пайызга көбөйдү.

Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча «Кумтөр» кениндеги өндүрүштү эсепке албаганда 2018-жылдын январь-ноябрь айларында ИДӨнүн көлөмү 428,8 миллиард сомду түздү.

Өнөр жай өндүрүмүнүн көлөмү 221,1 миллиард сомго чыгып, айыл чарбасында 2,4 пайыз, курулушта 8,4 пайыз, дүң жана чекене соодада 5,1 пайыз өсүш болду.

Өлкөнүн тышкы соода жүгүртүүсү 5,4 млрд. долларды түзүп, 2017-жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу 6,7 пайызга көбөйдү.

Ал эми ЕАЭБ мамлекеттери менен өз ара сооданын көлөмү 1,9 млрд. долларга жетти. Анын ичинен 65,6 пайызы Орусияга, 32,6 пайызы Казакстанга туура келет. (BTo)

XS
SM
MD
LG