Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:29

Жээнбеков: мамлекеттик органдар керек болсо түштөнбөстөн кызмат көрсөтүшү керек


Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 14-декабрда Коопсуздук кеңешинин жыйынында жарандарга кызмат көрсөткөн бир катар мамлекеттик органдардын ишин сынга алды. Ал ушуга байланыштуу ага даттанган жарандар көбөйгөнүн билдирди:

- Мына, 27 мамлекеттик орган 126 ар кандай маалымдама берет, ал эми 23 мамлекеттик орган болсо 168 маалымдама талап кылат. Эгер бул кагаздарды бербесе такыр иш жүрбөйт, кызмат көрсөтүлбөйт. Кээде таптакыр эле кереги жок кагаз алыш үчүн керели кечке кезекте турушат, чуркап жүрүшөт. Канча убактысы, канча нерви кетип жатат? Төрөлгөндөн тартып өлгөнгө чейин маалымдама сурап жатышпайбы! Эмне үчүн мамлекеттик органдар элди ара-бери чуркатпай, "Түндүк" долбооруна кирип, башка мамлекеттик органдардан өздөрүнө керектүү маалыматтарды өздөрү ала албайт? Мамлекеттик органдар керек болсо түштөнүү учурунда элге кызмат кылышы керек. Ал сенин милдетиң! Ошон үчүн айлык алып, бала-чакаңды багып отурасың. Кээ бир жерге барсаң жаап коюп тойго кетип калат, кээ бир жерде эки саат түштөнүшөт. Айрыкча облустарда, райондордо ошондой болуп жатат. Кээ бир министрлер, жетекчилер келген элди кабыл албайсыңар. Мына мага каттар келип жатат, мага келген каттар үч эсе көбөйдү.

Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынында өлкөнү санариптик жактан өнүктүрүү боюнча чаралар талкууланды жана 2019-2010-жылдарга белгиленген концепция тууралуу маалымат берилди. (EBM)

XS
SM
MD
LG