Көчмөндөр оюндарында аты чырга илешкен ишкер, жемкорлукка каршы "Акыйкат" кыймылынын мурдагы башчысы Эркин Мергенбаев 6-январга чейин камакта калды. Анын бөгөт чарасы 17-декабрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда жабык каралды.
16-декабрда кайрадан камакка алынган Мергенбаевдин жакындары тергөөчү Айбек Сыдыковду алмаштырууну суранышкан. Дүйшөмбү күнү Бишкектеги сот отурумуна башка тергөөчү - Абдраим Сыдыгалиев келди.
Ишкер бул жолу "Чолпон-Атадагы ат майданды куруу учурунда курулуш материалдарын кымбат баада алган" деп айыпталууда. Жубайы Айнур Мергенбаева муну тергөөчүнүн жеке өчү катары баалаган. Ал жолдошу түзөтүү абагында отурган кезде операция болгонун, ден соолугуна байланыштуу жакында эле жатак абакка которулганын кабарлаган.
2014-жылы өткөн Биринчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Чолпон-Ата шаарындагы ипподромду оңдогон “Темир Канат” ишканасынын жетекчиси Эркин Мергенбаевге иш козголуп, 2018-жылы январь айында алты жылга кесилген. Мындай чечимди Бишкек шаардык соту кабыл алган.
Анда Мергенбаев "аткезчилик менен алектенип, өлкө сыртынан товар ташып келген жана бажы төлөмдөрүн төлөөдөн качкан" деген айыптар боюнча күнөөлүү деп табылган.
Эркин Мергенбаев анда президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген Сапар Исаковду "ат майданды оңдоого кеткен каражатты толук төлөгөн жок" деп айыптап чыккан. Сапар Исаков анын камалышына тиешеси жок экенин билдирген. Кийин Чолпон-Атадагы ат майдан кайрадан оңдоодон өткөн. (EBM)