Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Декабрь, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 22:16

Камсыздандыруу полисин патрулдук милиция кызматкерлери текшерет


Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда 2019-жылдын 7-февралынан тартып айдоочуларды ОСАГО камсыздандыруу полисин алууга милдеттендирген мыйзам күчүнө кирет.

Учурда мамлекеттик каржы көзөмөлдөө органы жол коопсуздугун камсыз кылган милиция кызматкерлерине аталган полистин бар-жогун текшерүү укугун ыйгарууну көздөп жатат. Тийиштүү мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.

Полистин жоктугу үчүн жеке адамдар үч миң сомдук, юридикалык тараптар 13 миң сомдук айыппулга жыгылат.

Бирок каржы көзөмөлдөө органы айдоочуларга 7-августка чейин айыппул салбоону сунуш кылып жатат. Ага чейин бардык кыргызстандыктар камсыздандыруу компаниясын тандап, полис алууга тийиш.

Кыргызстанда иштеп жаткан камсыздандыруу компаниялары автоунааларды милдеттүү камсыздандыруу аркылуу андагы жүргүнчү менен айдоочунун коопсуздугу камсыздаларын, бул институтту калыптандырыш үчүн түшүндүрүү иштерин кеңири жүргүзүш керек экенин эскертишүүдө.

Кыргызстанда жыйырмага жакын компания камсыздандыруу ишин жүргүзөт. Алардын канчасы автоунааларды камсыздоого киришери али белгисиз. (KR)

Пикирлерди көрүңүз (11)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG