Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:35

Жаңы жылдан тартып кирген айыппулдар Интернетте кызуу талкууланууда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жаңы жылдан тартып жаңы кодекстер күчүнө кирип, андагы мыйзам бузулган учурларга каралган айыппулдардын маани-маңызы жана өлчөмү Интернет колдонуучулардын арасында кызуу талкууга жем таштады.

Айрымдар "айыппулдун өлчөмүн көбөйтүү менен мыйзамдын кынтыксыз аткарылышын камсыз кылуу мүмкүн эмес" деген оюн айтса, башкалары мындан өкмөттүн чабалдыгын көрүп, башка эч нерсе ойлоп таба албагандыгы үчүн сын айтууда.

"Азаттык" социалдык түйүндөрдөгү айрым пикирлерди чогултту.

Жаңыдан күчүнө кирген эрежелердин негизинде мас абалында машине айдагандарга 17 500 сом айыппул салынат. Ал эми 40 чакырымдык ылдамдык чегин бузган айдоочулар 7500 сом айыппул төлөйт.

Мастыгын аныктоо жөнүндө талапка баш ийбей койгондорго 5500 сом айып каралган. Ушундай эле сумма куткаруучу кызматтардын автоунааларына жолду бошотуп бербей койгон айдоочуларга жана айдоочунун күбөлүгү жок рулга отургандарга тиешелүү. Мотошлем жана коопсуздук кемерин тагынбай койгондор 1000 сомдон 3000 сомго чейин айып тартат.

Буга чейин коопсуздук кемерин тагынбагандар 300 сом, мас айдоочулар 10 миң сом айып тартып келген.

Жаңы жылдан кийин эреже бузганы үчүн жарандардын айдоочулук күбөлүктөрү алынбайт, бирок протокол толтуруу тартиби күчүндө калтырылган. (KR)

XS
SM
MD
LG