Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:04

Кытай аппараты Айдын көрүнбөгөн тарабына конду


"Чаңэ-4" Айдын бетинен жиберген биринчи сүрөт. 3-январь, 2019-жыл.
"Чаңэ-4" Айдын бетинен жиберген биринчи сүрөт. 3-январь, 2019-жыл.

Кытайдын планета аралык "Чаңэ-4" аттуу станциясы тарыхта биринчи жолу Айдын көрүнбөгөн тарабына конду. Ушундан улам Жер менен Айдын ортосунда байланыш түзүүгө мүмкүн болду. Бул тууралуу бейшембиде Кытайдын телеканалдары кабарлады.

Аталган космос аппараты 8-декабрда учурулган. Анын башкы миссиясы -Айдын буга чейин белгисиз болуп келген тарабын иликтөө. Аппарат радиоастрономиялык байкоо жүргүзүп, Айдын бетинин түзүлүшүн жана курамын иликтейт.

Чаңэ кытай мифологиясы боюнча Айдын пири деп эсептелет. Кытайдын космос программасынын алкагында 2013-жылы "Чаңэ-3" аппараты Жердин табигый жандоочуна конгон. Жакынкы он жылда Бээжин Айга өзүнүн биринчи пилотторун жөнөтүүнү көздөп жатат.

Былтыр ноябрь айында АКШнын Космос агенттиги - НАСА Марска "Инсайт" аппаратын ийгиликтүү кондурганын жарыялаган.

XS
SM
MD
LG