Ооган согушуна катышкандыгы тууралуу жалган маалыматтын негизинде өлкөдөн жөлөкпул алып жүргөн 49 "ардагерге" 24 324 сом каражат коротулган. Бул тууралуу "Азаттыкка" Башкы прокуратуранын басма сөз өкүлү Наргиза Куватова кабарлады.
Анын айтымында, ооган согушунун ардагери болгондугун аскер адамдары Орусиядан алынган атайын документтер менен тастыктайт. Учурда андай тастыктаманы Орусиядан алуу мүмкүн болбой жаткандыгына байланыштуу "жалган" ардагерлерди аныктоо кыйын болуп жатат.
- Азыркы мекеме аралык комиссиянын материалдары толук эмес болуп жатат, себеби тастыктамаларды Орусиянын архивдеринен алдырыш керек экен, - деди ал. - Азыр Аскердик прокуратуранын талабына ылайык комиссия экинчи жолу тастыктамаларды алуу өтүнүчү менен Орусиянын архивине кайрылып жатат. Азыркы күндө архивдеги маалыматтар бизге келе элек. Бирок ушул күнгө чейин 49 адам өзүн "ооган согушунун ардагеримин" деп, мамлекеттик бюджетке 24 миллион 324 миң сом зыян тийгизгени аныкталды.
Азыркы учурда комиссия Таласта алты, Ысык-Көлдө үч, Баткенде алты, Жалал-Абадда беш, Ош облусунда 13 кишини текшерүүдө. Андан сырткары ЖАМКтын жети кызматкери, ИИМдин 81 кызматкери текшерилип жатат.
Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын буйругу менен мекеме аралык жумушчу комиссия түзүлүп, ага укук коргоо органдарынын мүчөлөрү кирген. (KR)