Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:51

Помпео: АКШнын аскерлери Сириядан чыгарылат


Майк Помпео Каирдеги басма сөз жыйынында сүйлөп жаткан учуру. 10-январь, 2019-жыл.
Майк Помпео Каирдеги басма сөз жыйынында сүйлөп жаткан учуру. 10-январь, 2019-жыл.

Мамлекеттик катчы Майк Помпео бул тууралуу бүгүн Каирдеги басма сөз жыйынында билдирди:

- “Ислам мамлекети” тобунун күч алышына жол бербөө боюнча биздин милдеттенмебиз реалдуу, маанилүү. Биз муну улантабыз. Бир конкреттүү жерде - Сирияда биз мунун башкачараак жол менен жүргүзөбүз. АКШнын, прездент Трамтын (Сириядан) аскерлерди чыгаруу боюнча чечими кабыл алынды. Биз аны аткарабыз.

Майк Помпео Жакынкы Чыгыштагы тогуз өлкө боюнча сапарынын алкагында бүгүн Каирге барган. Ал Египеттин президенти Абдел Фатах ал-Сиси, тышкы иштер министри Самех Шукри менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Помпео Каирде Вашингтондун Жакынкы Чыгыштагы кеңири милдеттери боюнча да сөз сүйлөйт. Батыш маалымат агенттиктери жазгандай, анын иш сапары араб дүйнөсүндөгү өнөктөштөрдү АКШ бул аймактан кетип жатпаганына дагы бир сыйра ынандыруу максатын көздөйт. Помпео бүгүн Каирден АКШ Жакынкы Чыгыштын туруктуу өнөктөшү бойдон кала турганын да белгиледи.

Майк Помпео Египетке чейин Иордания менен Иракта болгон. Анда ал бул өлкөлөрдүн лидерлерин АКШнын Сириядан аскерлерин чыгаруу боюнча планы Вашингтон “Ислам мамлекети” тобуна каршы күрөштү токтотот жана Иранга басым жасоосун жумшартат деген кеп эмес экенине ишендирүүнү көздөдү.

Каирден соң Помпео Перс булуңундагы араб өлкөлөрүнө барат.

Президент Дональд Трамп Сириядан америкалык аскерлерди чыгара баштоо жөнүндө өз чечимин алгач 19-декабрда жарыялагандан кийин аны Конгрессте республикачылар да, демократтар да сынга алышкан.

АКШнын Европадагы башкы өнөктөштөрү: Британия, Франция, Германия да бул чечимди туура көргөн эмес. Бирок Орусия жана Түркия аны кубаттаган.

Сириянын түндүгү менен түндүк-чыгышында АКШнын эки миңден ашуун аскер кызматчысы жайгаштырылган. Алар "Ислам мамлекети" террордук тобуна каршы күрөштө курамы жергиликтүү күрт жана араб кошуундарынан турган бирикмеге - "Сирия демократиялык күчтөрүнө" колдоо көрсөтүп келген. (UE)

XS
SM
MD
LG