Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:17

Орусияда көп кабаттуу үйдөгү жарылуудан бир киши өлдү


Орусиянын Шахты шаарындагы газ жарылган үй. 14-январь, 2019-жыл.
Орусиянын Шахты шаарындагы газ жарылган үй. 14-январь, 2019-жыл.

Орусиянын Шахты шаарында көп кабаттуу турак үйдөгү газ жарылып, кеминде бир аял каза болду. Ростов облусунун губернатору Василий Голубев эки киши оор жаракат алып, ооруканага жаткырылганын билдирди. Дагы төрт адамдын дайыны табылбай жатканын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тактады.

Расмий маалыматка караганда, тогуз кабат үйдө 14-январдын таңында газ жарылган. Жарылуудан кийин тартылган сүрөттөрдөн үйдүн эң жогорку төрт кабаты зыянга учураганын көрүүгө болот. ТАСС агенттиги үйдүн ичинде калгандарды издеш үчүн 120 куткаруучу тартылганын билдирди.

Буга чейин 31-декабрда да Орусиянын Магнитогорск шаарында газ түтүгү жарылып, 39 киши мерт болгон.

XS
SM
MD
LG