Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:53

Магнитогорск маркумдар менен коштошту


Магнитогорск.
Магнитогорск.

Магнитогорск шаарындагы көп кабаттуу үйдө болгон жарылуудан кийин уранды алдында калгандарды издөө иши аяктады.

Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин билдиришинче, Магнитогорск шаарында болгон кырсыкта 39 адам каза тапкан. Алардын алтоо балдар.

4-январда каза тапкандардын айрымдары менен коштошуу зыйнаты өттү.

31-декабрь күнү таңга маал Орусиянын Магнитогорск шаарында он кабаттуу үйдүн бир подъезди толук урап түшкөн. Андан 48 батир жабыркап, ондогон адамдардын тагдыры белгисиз бойдон калган.

Бул үйгө кошуна турган Санасар Манукян ошол күнү таңкы саат төрттөрдө катуу жарылуунун үнүн угуп, көчөгө чуркап чыккан. Ал төрт адамды куткарууга жардам берген.

- Мен жер титирөө болгон экен деп ойлоп, эшикке чуркап чыккам. Карасам үйдү түтүн, өрт чулгап калыптыр. Адамдар кыйкырып жардам сурап жатты. Төрт адамды куткардык. Бир аял, жаш кыз, баланы дароо алып чыктык.

Бүгүн Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги уранды алдында калгандарды издөө иши аяктаганын, кырсыкта 39 адам каза болгонун билдирди.

Каза болгон үй-бүлөнүн сүрөтү. Магнитогорск. 4-январь, 2018-жыл.
Каза болгон үй-бүлөнүн сүрөтү. Магнитогорск. 4-январь, 2018-жыл.

Учурда Магнитогорск, Челябинск жана Москва шаарларынын ооруканаларында беш киши дарыланууда, алардын бирөө 11 айлык бала. Наристе уранды алдында 35 саат жаткан. Учурда абалы туруктуу, өмүрүнө коркунуч жок.

Бул кырсык Орусияга иш издеп барган мигранттарды да кыйгап өтпөдү. 2-январда куткаруучулар тажикстандык аялдын, анын үч кичинекей баласынын сөөгүн табышты.

Кырсыкка газ түтүгүнүн жарылышы себеп болгону айтылууда.

Жергиликтүү бийлик кырсыкта жабыр тарткандар менен жакындарын жоготкондорго 50 миң рублдан 1 миллион рублга чейин материалдык жардам көрсөтүлөрүн кабарлаган. Жардам адамдардын жарандыгына, бул үйдө каттоого турганына же турбаганына жараша чегерилет.

Кичинекей баласы жана күйөөсү менен куткарылган Елена жергиликтүү бийликтин жардамды ушундай жол менен көрсөтүп жатканына нааразы.

- Бизге кандай жардам берилет десем, эч нерсе жок дешти. Биз ал батирде каттоого турган эмеспиз. Батирде жашаган, бирок каттоого турбагандарга 50 миң рубль берилет экен. Бизде бир аял баласы менен жашаган. Алар болгон оокатын жоготушту. 50 миң рублга эмне сатып алса болот?! Азыр сүрөттөрдү көрүп, аман калганыбызга аң-таң болуп отурабыз, - деди Елена.

Мындан тышкары жергиликтүү бийлик Магнитогорскидеги бул көп кабаттуу үйдү сактап калууну чечкен.

Кырсык болгон үйдүн 7-8-подъездиндеги батирлер толук уратылып, үй ортосунан экиге бөлүнгөн боюнча калат. Шаардын Архитектура жана курулуш башкармалыгы "үйдө жашаганга болот" деген бүтүм чыгарды. 1973-жылы курулган бул үйдө миңден ашуун адам жашап келген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG