Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:44

Орусиядагы кырсык газ коопсуздугун эскертти


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын Магнитогорск шаарында ондогон кишинин өмүрүн алган кырсыкка газдын жарылуусу себеп болушу ыктымал экендиги айтылып жатат.

Бул окуя кыргызстандыктарды да козгоп, “Өлкөдө газ коопсуздугу сакталганбы?” деген суроону күн тартибине алып чыкты. Мамлекеттик экотехинспекция кооптонууга негиз жок экенин билдирүүдө.

Өкмөткө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын билдиргенине караганда, Кыргызстанда Магнитогорскидегидей кырсыкка жол бербеш үчүн аракеттер көрүлүп жатат.

Мекеменин жетекчисинин орун басары Расул Артыкбаевдин айтымында, Бишкек шаарындагы газ киргизилип жаткан жаңы конуштар, жаңы курулуп жаткан көп кабаттуу батирлер алдын-ала текшерүүдөн өткөрүлөт. Мындан сырткары газды жана суюлтулган газ толтурулган баллонду колдонуу, коопсуздук жана алдын алуу боюнча жаңы жобо иштелип чыкты.

- Автомашина менен газ саткандарды текшерип, газ толтурган жайларга рейд жүргүзүп чыкканбыз. Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитети жаңы жобо даярдап, өкмөттүн кароосуна жөнөттү. Анда газ баллону кайсы жерге коюлат, анын санитардык-коргонуу жагдайлары кандай деген өңдүү коопсуздук маселеси камтылган. Анткени жарылуу канча деген адамдын өмүрүнө зыян алып келүүдө!

Буга чейин Кыргызстанда жеке турак жайларда, ашкана-кафелерде газ баллону жарылып, киши өмүрү кыйылган же адамдар жабыркаган учурлар катталган.

Жогорку Кеңештин Транспорт, архитектура, курулуш комитетинин жетекчиси Махабат Мавлянова газды пайдаланууну, жалпы эле өрттүн кесепетин түшүндүрүү зарыл деп эсептейт.

- Негизи газды, газ баллонду өрт коопсуздугуна туура келгендей пайдалануу боюнча элге катуу эскертүү берилиши керек. Бул багытта калкка маалымат жеткирүү, кесепети кандай болорун түшүндүрүү зарыл. Бизде мыйзам боюнча жарандардын турак жайын текшерүүгө уруксат жок. Өзүм билемдик кылып киргизип алып колдонушу мүмкүн. Бир кишинин туура эмес жасаган ишинен канча адам өлүмгө учурап жатат. Ошондуктан биз да бул маселени көтөрүшүбүз керек, - деди ал.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Жаңы жыл майрамдарына карата күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өткөн. Учурда базарларда, соода түйүндөрүндө, социалдык объектилер менен жеке турак жайлардын кожоюндарына чейин түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатканын мекеменин басма сөз катчысы Элмира Шерипова айтты:

- Биздин министрлик түшүндүрүү иштерин жүргүзүп турат. Соода борборлорунда, базарларда, мектептерде жана башка социалдык объектилерде, жеке турак жайлардын кожоюндарынын арасында да түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Ага карата атайын план бекитилип, министр текшерип чыгууну тапшырды.

Парламенттин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин мүчөсү Данияр Төлөнов учурда шаарларда курулуп жаткан көп кабаттуу батирлердин, эски үйлөрдүн абалы, аларда коопсуздук талаптары нормага ылайык келер-келбесине кызыгууда. Эл өкүлү тийиштүү мекеме өкүлдөрүн чакырып Кыргызстандагы жагдай, алдын алуу иштери боюнча маалымат угуу зарыл деп эсептейт.

- Коопсуздук комитети болгондон кийин бул маселени сөзсүз көтөрүп чыгышыбыз керек, - деди депутат. - Ошол эле Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен, Экотехинспекциядан, Курулуш агенттигинен чакырып маалымат алышыбыз керек. Жамандыктан Кудай сактасын, бирок алдын алыш керек. Себеби бүгүнкү күндө үйлөр курулуп жатат, аны ким көзөмөлдөйт, кандай көзөмөлдөнүп жатат - бул көйгөйлүү маселе. Буга көңүл бурушубуз керек. Бул кырсык ушундай маалыматтарды алып, тактоого мажбур кылып жатат.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, Кыргызстанда көп кабаттуу батирде газ жарылган учур каттала элек. Өткөн жылы августта Ош облусунун Араван районунун Керме-Тоо айыл аймагындагы намазканада газ баллону жарылып, эки адамдын өмүрү кыйылган.

Февраль айында Жалал-Абад облусунун Кочкор-Ата шаарында кафеде чыккан өрттөн улам төрт киши жаракат алып, ооруканага жаткырылган. Анда нан бышыруучу бөлмөдөн газ баллону жарылып, өрт чыкканы айтылган.

2017-жылы жайында Оштогу кафелердин биринде газ баллону жарылып, 47 жаштагы ашпозчу мерт болгон. Дагы бир адам ууланып, ооруканага жеткирилген. Ушул эле жылы 19-июнда Ысык-Көл районунун Ананьево айылында газ куюучу станцияда болгон жарылуудан үч киши набыт болгон. Жети адам оор жараат алган.

2016-жылы Оштун Кара-Суу районунда жашаган тургундун үйүндө газ баллону жарылып, алты киши жабыркаган. 27 жаштагы үй кожойкесинин денесинин жарымынан көбү күйүп калган. Анда үйдүн ашканасында ысык батереянын түбүндө турган, колдонулуп бүтүп калган кичинекей газ баллону жарылып кеткени айтылган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, 2017-жылдан 31-декабрында 39 өрт катталса, 2019-жылга караган түнү 20 учур катталды. Жалпысынан узаган жылда 4 миңдей өрт болсо, 30дан ашуун киши каза болгон. Куткаруучулар 65 кишинин өмүрүн сактап калышкан.

Экотехинспекция көчөдөгү суюлтулган газ толтуруучу унаалар техникалык сыноо убактысы өткөн жана сырдалбаган, кандай газ куюла тургандыгын билгизген жазуулары жок баллондорду текшербестен толтуруп жатканын билдирүүдө. Мекеме негизинен баллондорго газ толтуруунун алдында анын ичинде колдонулгандан кийин калган заттарды тазалап туруп толтуруу зарыл экенин эскертүүдө.

Суюлтулган газды колдонуу эрежелери:

  • Баллондордун техникалык сыноодон өткөндүгүн тастыктаган датасы көрүнүп турушу керек;
  • Баллондордун сырткы келбетине (майышпаганына, сырдалганына, жазууларына) көңүл бурулушу керек;
  • Баллондорду ачып-жабууда вентилдердин болушуна маани бериш керек.
"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG