Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:38

Польшада жараланган Гданск шаарынын мэринин абалы оор


Мэр Павел Адамович Гданск шаарындагы демонстрацияда. 21-апрель, 2018-жыл.
Мэр Павел Адамович Гданск шаарындагы демонстрацияда. 21-апрель, 2018-жыл.

Польшанын басма сөз агенттиги билдиргендей, 570 миңдей тургун жашаган Гданск шаарынын мэри Павел Адамовичти белгисиз эркек киши 13-январдын кечинде эл чогулган жерде “курч нерсе” менен сайган.

“Бейиштин нуру” деп аталган кайрымдуулук иш-чарасы жыйынтыкталып жатканда 53 жаштагы мэр турган секиге чуркап чыккан киши ага кол салган. Шектүү ошол жерде кармалган.

Адамовичке ооруканада беш саат операция жасалган. Гданск медициналык институтунун дарыгери Томас Стефанияк “бейтаптын абалы оор экенин” билдирди.

Польшанын мурдагы премьер-министри, Гданск шаарынан чыккан саясатчы, азыр Европа кеңешинин президенти Дональд Туск "Твиттер" баракчасына “Мэр Адамовичке өмүр тилейли. Павел, биз сени мененбиз!” деп жазды.

Гданск шаарында Лех Валенса башында турган эмгек кошуундарынын “Тилектештик” кыймылы түптөлгөн.

XS
SM
MD
LG