Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Март, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:46

Айсулуу Тыныбекова Францияда өтүп жаткан мелдеште алтын тагынды


Айсулуу Тыныбекованын "Инстаграм" баракчасынан алынган сүрөт.

Кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекова Францияда өтүп жаткан Grand Prix de France деген аталыштагы эл аралык мелдеште жеңишке жетип, алтын медаль тагынды.

Ал 62 килограмм салмак ченинде финалга чыгып, франциялык балбанды жеңген. Тыныбекова катышкан мелдеш 1-февралда башталган. Ал 3-февралда жыйынтыкталат.

Айсулуу Тыныбекова 2012-2016-жылкы Олимпиада оюндарынын катышуучусу. 2016-2017-жылдары Азия оюндарында жеңүүчү болгон.

2018-жылы Индонезияда өткөн Азия оюндарында күмүш медалга татыган. 2017-жылы Франциянын борбору Париж шаарында өткөн дүйнө чемпиондугунда үчүнчү орунга ээ болуп, коло медал тагынган.(BTo)

Пикирлерди көрүңүз (13)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG