Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:39

Бишкекте жаңы түзүлүүчү патрулдук милициянын айлыгы жогору болот


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте Патрулдук милиция кызматы түзүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 19-февралда Ички иштер министрлиги кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, жаңы кызмат шаардык милициянын Жол кыймыл коопсуздугун камсыз кылуу башкармалыгы менен Патрулдук кайгуул кызматын бириктирүү аркылуу негизделет.

Ал коомдук тартипке жана жол кыймылынын коопсуздугуна көзөмөл жүргүзөт.

Алгач бул долбоор 2019-2020-жылы пилоттук негизде баш калаада ишке ашырылып, системалуу талдоо жүргүзүлгөндөн кийин республикалык деңгээлдеги реформа баштоо мүмкүнчүлүгү каралат.

Жаңы мекемеге кызматкерлер сынак аркылуу кабыл алынат. Алар кошумча окуудан өтөт. Сынактан өткөндөр ишке 1-июлдан тартып киришет.

“Коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алуу максатында алардын айлыгы жогору төлөнөт. Үстүнөн антикоррупциялык органдардын көзөмөлү да катуу болот” дейт ИИМ.

Патрулдук милициянын материалдык-техникалык базасы да жакшыртылат.

Кыргызстанда патрулдук милиция түзүү аракети 2016-жылы да көрүлгөн. Анда Жол кайгуул кызматы менен Кайгуул-күзөт кызматы бириктирилген. (RK)

XS
SM
MD
LG