Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:42

Бишкекте беш күн бою куурчак спектакли коюлат


“Кат-кагаз учактар” спектаклинин баннери.
“Кат-кагаз учактар” спектаклинин баннери.

20-февралдан 24-февралга чейин Бишкек шаарындагы Бакен Кыдыкеева атындагы Кыргыз мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театрында “Кат-кагаз учактар” ("Письма-самолётики") спектакли коюлат. Бул тууралуу “Азаттыкка” иш-чаранын уюштуруучуларынын бири Алтын Капалова билдирди.

Анын айтымында, театрдык оюн куурчактар менен артисттердин аралашуусунда аткарылат. Ал чоңдорго балалык, өмүр, өлүм жана кыял темасы жөнүндө баяндап берет.

Спектакль жазуучу Эрик-Эмманюэл Шмитттин “Оскар жана Кызгылтым айым” чыгармасынынын негизинде жазылган. Сценарийге ылайык, негизги каармандар - катуу оорулуу бала Артур жана ага өзгөчө көңүл бөлгөн, оорукананын санитаркасы Роза эже. Башкы ролду Эмгек сиңирген артист Гүлмира Турсунбаева ойнойт. Режиссерлер Айнура Качкынбек кызы жана Улан Өмүралиев.

Оюн беш күн бою, күндө кечинде 19:00дө башталат. Билет баасы 300 сом. Иш-чарадан түшкөн каражат Бишкектеги “Жардам берүү оңой” (“Помогать легко”) кайрымдуулук борборуна которулат. (ErN)

XS
SM
MD
LG