Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:37

Байкоочулар: Молдовадагы шайлоодо добуш сатып алуу фактысы болду


Молдованын президенти Игорь Додон шайлоодо добуш берип жатат. Кишинёв, 24-февраль, 2019-жыл.
Молдованын президенти Игорь Додон шайлоодо добуш берип жатат. Кишинёв, 24-февраль, 2019-жыл.

Молдовада 24-февралда өткөн парламенттик шайлоого көз салган эл аралык байкоочулар дүйшөмбүдө басма сөз жыйынын өткөрүп, добуштардын сатып алынганы тууралуу көп маалымат бар экенин билдиришти.

ЕККУнун демократиялык институттар жана адам укугу боюнча бюросунун байкоочулары ошол эле кезде шайлоо мыкты уюшкандыкта, атаандаштыкта өткөнүн белгилешти.

Буга чейин оппозициялык ACUM блогунун тең төрайымы Майя Санду шайлоо эркин жана калыс өттү деп айтууга болбой турганын жарыялаган. Приднестровьеде добуш сатып алуу фактылары болгонун айткан.

Премьер-министр Павел Филип менен парламент спикери Адриан Канду шайлоо ачык өткөнүн маалымдашкан.

Добуш берүүлөрдүн жыйынтыгында бир дагы партия парламенттеги көпчүлүктү ала алган жок. Баштапкы маалыматтарга караганда, парламентке төрт партия өттү. Социалисттер партиясы биринчи, батышчыл партиялардан түзүлгөн ACUM блогу экинчи, өкмөттү башкарып жаткан Демократиялык партия үчүнчү, Консервативдүү ШОР партиясы төртүнчү орунда. Эми алар өкмөт түзүшү керек. Бирок булардын саясий көз караштарын эске алганда өкмөттү түзүш кыйын болот деген пикирлер бар.

Эгер өкмөт 45 күн ичинде түзүлбөсө, өлкөдө кайра парламенттик шайлоо жарыяланышы мүмкүн.

XS
SM
MD
LG