Индиянын Аскер-аба күчтөрү Пакистанда жайгашкан «Жаиш-е-Мухаммад» террордук уюмунун лагерине сокку урду.
Индиянын Аскер-аба күчтөрүнүн 12 учагы лагерге миң килограммдык бомбаларды таштап, аларды толук жок кылганын «Times of India» басылмасы кабарлады.
Индиянын тышкы иштер министри Вижай Гохале шейшембиде Нью-Делидеги басма сөз жыйынында «Жаиш-е-Мухаммад» террордук тобунун машыгуучу лагерине чабуул коюлганын ырастап, ал жер Балакотто, талаштуу Кашмир аймагындагы көзөмөл линиясынан 80 чакырым алыстыкта жайгашканын айтты:
- Индия өкмөтү терроризм коркунучуна каршы күрөш үчүн чечкиндүү кадамдарды жасады. Бул аскердик эмес, алдын алуу максатындагы операция. Ал «Жаиш-е-Мухаммад» уюмунун лагерине гана багытталды. Аны бутага алууда жарандардын коопсуздугу да эске алынды. Объект чытырман токойдо, дөбөдө жайгашкан. Ал жерде карапайым адамдар жок.
Индиянын маалыматына караганда, көзөмөл линиясы (Пакистан менен Индиянын ортосундагы демаркациялык линия) аркылуу абадан сокку урулду.
Пакистан Индиянын Аскер-аба күчтөрү бул линияны бузганын айтып, Делини туура кадам таштоого үндөп, жагымсыз көрүнүштөргө жооп кайтарууга даяр экенин билдирди.
Делинин аракети 14-февралда Кашмирдеги террордук чабуулдан Индиянын 40тан ашык жоокери каза тапкандан кийин болду. Террордук акты үчүн «Жаиш-е-Мухаммад» тобу жоопкерчилик алган.