Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:41

Парламент 52 өлкөнүн жарандарына Кыргызстанга визасыз кирүүгө уруксат берди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңеш Кыргызстандын 45 өлкөнүн жарандарына визасыз катташуу келишиминин мөөнөтүн узартуу жана дагы 7 өлкөнүн жарандарына визасыз кирүүгө уруксат берүү тууралуу мыйзамды үчүнчү окууда жактырды.

Тизмеге жаңы кошулган өлкөлөр - Черногория, Андорра, Бразилия, Сан-Марино, Чили, Аргентина, Оман. Бул тизмеге өкмөт сунуш кылган Болгария, Кипр, Румыния кошулбай калды. 

Буга чейин 45 өлкөнүн жарандарына 60 күнгө чейин визасыз каттоо режими бар болчу. Ал боюнча мыйзам 2020-жылы күчүн жоготот. Жаңы мыйзам 2025-жылга чейин иштейт.

Буга чейин өкмөт мурда келишим түзүлгөн тизмеге дагы 10 мамлекетти кошууну, 60 күнгө чейин визасыз катташуу мөөнөтүн 2030-жылга чейин узартууну сунуш кылган. (ErN)

 

XS
SM
MD
LG