Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:27

Бурулайдын иши боюна милиция кызматкерлеринин соту төртүнчү жолу жылды


Иш боюнча сотко сурак бергени келген милиция кызматкерлери. 21-декабрь, 2018-жыл.
Иш боюнча сотко сурак бергени келген милиция кызматкерлери. 21-декабрь, 2018-жыл.

Ала качуунун курмандыгы болгон Бурулай Турдаалы кызынын өлүмү боюнча Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлеринин ишин кароо 7-мартка жылды.

Чүйдүн Аламүдүн райондук сотунда бүгүнкүгө белгиленген отурум айыпталуучулардын жактоочусунун бири келбегени үчүн болбой калды.

Бурулайдын атасы Турдаалы Кожоналиев «Азаттык» менен болгон маегинде сот жылып жатканына нааразы болду.

- Мыйзамды билген милиция кызматкерлеринин, жактоочулардын кылганы ушул болсо билбейм. Кызымдын өлгөнүнө бир жылга жакындап калды. Дагы эле соттон чыкпай жүрөбүз. Ишти кароо качан аяктай турганын билбейм, - деди ал.

Аламүдүн райондук соту милиция кызматкерлерине карата ишти кароону 13-декабрда баштаган.

Сот жараяны биринчи жолу былтыр 21-декабрдан быйыл 9-январга жылган, 9-январда милиция кызматкерлери сурак беришкен. Кийин 11-февралга белгиленген процесс күбөлөрдүн келбей калганына байланыштуу 15-февралга калган. 15-февралдагы отурумду сот 1-мартка жылдырган. Бүгүнкү отурумда сот келерки жараянда күбөлөрдү милдеттүү түрдө катыштырууну буюрду.

Башка линиядагы сот иши боюнча, 12-декабрда Свердлов райондук соту Бурулай Турдаалы кызынын өлүмүнө Марс Бөдөшевди айыптуу деп таап, 20 жылга күчөтүлгөн режимде абакка кескен. Анын досу Акмат Сейитов «Ала качуу» беренеси менен жети жылга эркинен ажыратылган. Айыпталуучулар сот чечимине нааразылык билдирип, Бишкек шаардык сотуна кайрылышкан. Бул боюнча 27-февралда шаардык сот райондук соттун чечимин күчүндө калтырды. (AiA\ErN)

XS
SM
MD
LG