Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:15

Араванда банкоматтан 900 миң сом уурдап кеткендер изделүүдө


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Оштун Араван районунда «Кыргызстан коммерциялык банкынын» банкоматын талкалап, 900 миң сомду уурдап кеткендер изделип жатат. Облустук милициянын басма сөз кызматы билдиргендей, окуя райондун борборунда, Ленин көчөсүндө 10-февралга караган түнү болгон.

Факт Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине ошол замат катталган. Бир айга чукул убакыттан бери шектүүлөр табыла элек.

XS
SM
MD
LG