Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров бүгүн, 7-мартта улуттук филармониянын алдына "Аялзаттын укугун дайыма коргойлу" деген акцияга чыкты.
- Бүгүн, 8-мартты утурлай шаарда гүлдөрдү, жаркыраган маанайларды көрүүгө болот. Бул жакшы. Бирок эмне үчүн биз 8-март күнү эле күйөм-сүйөм, сени куттуктайм, апаке, эжеке, карындаш деп калабыз? Гендердик саясат деп көптөн бери какшашат, бирок парламентте аялдар аз. Биздин аялдар билим жагынан бизден акылдуу, чынчыл келишет. Канчалаган кызыл камчы эркектер аялдарын ур-токмокко алат. Бурулайдын өлүмүнөн кийин деле зомбулук, ала качуу токтоп калган жок, - деди активист "Азаттыкка" сүйлөп жатып.
Ал өзүнүн акциясы менен аялдар кабылып келген көйгөйлөргө коомдун көңүлүн бурууну максат кылууда.
Кечээ "Ала-Арча" мамлекеттик резиденцияда аялдардын маселесине арналган форумда айылдык кеңештерде 30% мандатты аялдар үчүн камсыз кылуу боюнча мыйзам долбоору талкууланган. Форумга экс-президент Роза Отунбаева, вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова, парламент жана айылдык кеңештин аял депутаттарынын, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.
Ушул тапта жергиликтүү кеңештеги депутаттардын 11%, парламенттин 15%, өкмөттүн 12,5% аялдар түзөт. (KR)