Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:57

8-мартта жамгыр жаабайт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

8-мартта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Калган аймактарда жаан жаабайт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -3...2, күндүз +5...+10,

Талас облусунда түнкүсүн -4...+1, күндүз +5...+10,

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн +1...+6, күндүз +9...+14,

Ысык-Көл аймагында түнкүсүн -2...-7, күндүз +5...+10,

Нарын жергесинде түнкүсүн -12...-17, күндүз -2...+3,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -15...-20, күндүз -4...-9 градус суук болот.

Бишкек шаарында жамгыр жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн -1…+2, күндүз +7…+9 градус болот. (KЕ)

XS
SM
MD
LG