Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:06

Стамбул шаарынан 437 чет өлкөлүк чыгарылат


Түркиянын желеги.
Түркиянын желеги.

Түркиянын Стамбул шаарынан 437 чет өлкөлүк депортацияланат. Бул тууралуу Шаардык полиция кызматы өз сайтында кабарлады. Арасында кыргызстандыктардын бар же жогу тууралуу расмий кабар айтыла элек.

Полиция 9-мартта шаардын чет элдиктер жыш жашаган Фатих районунда рейд жүргүзүп, 818 кишинин документтери текшерилген. 437 адам туруктуу каттоодон өтпөгөнү жана визасыз жүргөнү аныкталган. Полиция кызматы аларды өлкөлөрүнө депортациялоо үчүн Миграция департаменти менен иш алып барууда.

Расмий эсеп боюнча Түркияда 25 миңден ашык кыргызстандык бар. Алардын жети жарым миңдейи гана эмгек визасы менен иштешет. Көбү бир жылдык туристтик виза менен жүрүшөт. Алар негизинен Стамбул, Анкара, Измир, Анталия сыяктуу ири шаарларда жашашат. (ElB)

XS
SM
MD
LG