Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Декабрь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:04

Раиса Атамбаева Зироатхан Мирзиёеванын чакыруусу менен Ташкентке кетти


Раиса Атамбаева.
Раиса Атамбаева.

24-мартта экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жубайы Раиса Атамбаева өзбек президентинин аялы Зироатхан Мирзиёеванын чакыруусу менен Ташкентке учуп кеткен. Бул тууралуу Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) расмий өкүлдөрү кабарлашты. Алар «буга чейин жылуу мамиледе болуп келгендиктен Мирзиёева жеке чакыруу жөнөткөн» деп билдиришти. Бирок Раиса Атамбаева кандай иш-чараларга катышары белгисиз. Экс-президенттин аялы 28-мартта кайтып келет. 

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жубайы сыртка чыгып кеткени социалдык тармактарда кызуу талкууга жем таштады. (TSh) 

 

XS
SM
MD
LG