Мамлекеттик органдардын коомдук кеңештеринин мүчөлөрүн тандоо боюнча комиссия мамлекеттик органдардын коомдук кеңештеринин буга чейинки курамынын иши аяктагандыгына байланыштуу алардын жаңы курамына сынак жарыялады. Бул тууралуу өкмөттүн аппараты кабарлады.
Ага ылайык, Тышкы иштер, Юстиция, Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрликтеринин, Жаза аткаруу, Интеллектуалдык менчик жана инновациялар, Миграция, Финансы рыногун тескөө жана көзөмөлдөө, Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү жана Мамлекеттик соттук-эксперттик мамлекеттик кызматтарынын коомдук кеңештерине мүчөлөр кабыл алынат.
Ошондой эле Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча жана Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттеринин, Экологиялык жана техникалык коопсуздук мамлекеттик инспекциясынын, Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба, Монополияга каршы жөнгө салуу, Жергиликтүү өз алдынча башкаруу, Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктерине жана Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун коомдук кеңештерине да сынак жарыяланды.
Кеңештер коммерциялык эмес уюмдардын, илимий чөйрөнүн, бизнес-ассоциациялардын, министрлик жана административдик мекемелердин ишмердүүлүгүнө тийиштүү тармактардын эксперттик чөйрөсүнүн, кесипкөй жана тармактык уюмдардын өкүлдөрүнөн арыздар кабыл алынат. Талапкерлер мурда соттолбогон, иш-аракетке жөндөмдүү болушу шарт.
Сынакка катышуу үчүн документтер 720003, Бишкек ш., Абдумомунов көч. 207 («Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү» белгиси менен) же osgo@mail.gov.kg электрондук почтасы аркылуу кабыл алынат.
Бул сынак «Мамлекеттик органдардын коомдук кеңештери жөнүндө» мыйзамга ылайык өткөрүлүп жатат. (ErN)