Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:35

Жээнбеков менен Путин тар чөйрөдө кезикти


Владимир Путин жана Сооронбай Жээнбеков. 28-март, 2019-жыл. Бишкек, Кыргызстан.
Владимир Путин жана Сооронбай Жээнбеков. 28-март, 2019-жыл. Бишкек, Кыргызстан.

28-мартта Бишкекке мамлекеттик иш сапары менен келген Владимир Путин менен Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков тар чөйрөдө жолугушуу өткөрдү.

Президенттик аппарат кабарлагандай, Жээнбеков орусиялык кызматташы менен жылуу учурашып, иш сапары менен келгенине ыраазычылык билдирди.

«Кыргызстанда сизди чыныгы дос жана ишенимдүү өнөктөш катары жакшы билишет жана баалашат. Биз сизге жана орусиялык досторубуз үчүн дайыма кубанычта болобуз. Орусия – биздин жакын, ишенимдүү жана узак мөөнөттүү стратегиялык өнөктөшүбүз. Орусия Федерациясы менен болгон алакабызга биз дайым урмат менен мамиле кылабыз. Сиздин жеке колдооңуз менен биздин эки тараптуу кызматташтыгыбыз сапаттык жагынан жогорку деңгээлге чыкты», - деди Сооронбай Жээнбеков.

Кыргызстандын мамлекет башчысы Владимир Путин менен былтыр бир нече жолу, быйыл экинчи жолу кезиккенине, ар бир жолугушуу алакаларга жаңы түрткү берип жатканына токтолду. Ал ошондой эле Кыргызстандын Евразия Экономикалык Биримдигине ыңгайлашуусуна Орусия чоң көмөк көрсөтүп жатканына, кезектеги аскердик-техникалык колдоосуна ыраазычылык билдирди.

Орусиянын президенти Владимир Путин Жээнбековдун чакыруусуна рахмат айтып, өткөн жолугушууну эскерип кетти.

«Биз анда маселелерди талкуулаганбыз, азыр ошол сөзүбүздү улантып жатканыбыз жагымдуу көрүнүш. Кыргызстан – биздин ишенимдүү жана стратегиялык өнөктөшүбүз. Сиздин аракетиңиз менен Кыргызстан тынч, туруктуу турганын жана ал социалдык-экономикалык мүнөздөгү маселелерди чечүүгө мүмкүнчүлүк берип жатканын өзгөчө белгилеп кетким келет», - деди Путин.

Мунун алдында мамлекеттик «Ала-Арча» резиденциясында Орусиянын президентин расмий кабыл алуу иш-чарасы болуп өттү. Эки тараптуу сүйлөшүүлөр кеңири курамда эки өлкөнүн делегация мүчөлөрүнүн катышуусунда уланууда.

Мамлекет башчылардын бүгүн сегизинчи Кыргызстан-Орусия аймак аралык конференциясына катышуусу жана Ч.Айтматовдун үй-музейине барышы күтүлүүдө. (ErN)

XS
SM
MD
LG