Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:27

«Акнетке» байланыштуу төрт кылмыш иши кайра жандандырылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Башкы прокуратура «Акнет» фирмасынын ишмердүүлүгүнө байланыштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финполиция) токтотуп койгон төрт кылмыш ишин изилдеп чыгып, баарын кайра жандандырды. Бул тууралуу башкы көзөмөл мекемесинин басма сөз кызматы билдирди.

Иштер бейтарап иликтөө үчүн Финполициянын Бишкек шаардык башкармалыгынан алынып, Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматына тапшырылды. Учурда тергөө иштери уланууда, анын жүрүшү Башкы прокуратуранын көзөмөлүнө алынды.

Башкы прокуратура тараткан билдирүүдө белгиленген төрт кылмыш иштин мазмуну жана качан токтотулганы так белгиленген эмес.

Финполиция былтыр ноябрь айында Бишкектеги «Акнет» телекоммуникациялык компаниясынын башкы кеңсесин текшерүүгө алган. Текшерүүчү орган аталган фирманын үстүнөн ири өлчөмдө салык төлөбөгөнү боюнча арыз түшкөнүн кабарлап, ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 221 («Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдаланышы») беренеси менен иш козгогонун кабарлаган. Буга байланыштуу «Акнет» компаниясынын Бишкектеги кеңсесинин кызматкерлери нааразылык акциясына да чыгышкан эле.

Ушул иштин алкагында быйыл февралда «Акнет» жоопкерчилиги чектелген коому жашырды деген 150 миллион сом салык өндүрүлгөн. Калган үч иш кайсы иштер экени белгисиз. (ErN)

XS
SM
MD
LG