Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:50

“Акнет” компаниясы жашырган 150 млн. сомдук салык өндүрүлдү


“Акнет" компаниясынын телекызматы. Иллюстрациялык сүрөт.
“Акнет" компаниясынын телекызматы. Иллюстрациялык сүрөт.

“Акнет” жоопкерчилиги чектелген коомуна карата козголгон кылмыш ишинин алкагында интернет-провайдер жашырган 150 миллион сом салык өндүрүлдү. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финполиция) кабарлады.

Каражаттар коррупцияга каршы күрөш боюнча бирдиктүү депозиттик эсепке которулду.

“Акнетке” карата кылмыш иши 2018-жылдын ноябрь айында козголгон. Кийин Финполиция компаниядан өзгөчө ири өлчөмдөгү салык төлөөдөн качуу боюнча документтер табылганын жарыялаган. Буга байланыштуу “Акнет" компаниясынын Бишкектеги кеңсесинин кызматкерлери митингге чыгып, нааразылык билдиришкен.

Коррупцияга каршы күрөштөн түшкөн акчанын депозиттик эсеби былтыр июлда президент Сооронбай Жээнбековдун буйругу менен Финансы министрлигинин карамагында түзүлгөн.

Башкы прокуратурага, Финансы полициясына, УКМКга жана ИИМге жемкорлордон кайтарылган каражатты ушул эсепке которуу милдети жүктөлгөн. (ErN)

XS
SM
MD
LG