Кытай Шинжаңдагы «радикалдашуунун алдын алуучу» чараларына колдоо көрсөткөнү үчүн Казакстанга ыраазычылыгын билдирди. 28-мартта Кытайдын тышкы иштер министри Ван И казак тышкы иштер мекемесинин жетекчиси Бейбит Атамкулов менен Бээжинде жолукту. Кытай тараткан билдирүүгө ылайык, бул жолугушууда Казакстандын башкы дипломаты Шинжаң аймагындагы «террорчулукка, жикчилдикке жана экстремизмге каршы чараларды түшүнөрүн жана колдоо көрсөтөөрүн» айткан. Буга жооп катары Кытайдын министри казак өкмөтүнө Бээжиндин позициясын колдогону үчүн ыраазычылыгын билдирген. Казакстандын Тышкы иштер министрлиги өз маалыматында Бээжиндеги жолугушууда «Кытайда жашаган казактарга байланыштуу кырдаал» талкууланганын айтуу менен чектелди.
Кытай Шинжаңдагы уйгурлар, казактар жана кыргыздар сыяктуу мусулмандарга жасалган катаал мамиледен улам эл аралык коомчулуктун кескин сынына кабылып келет. Бириккен Улуттар Уюмунун эксперттери Шинжаңдагы саясий лагерлерде 1 миллионго чукул адам кармалып турганын айтышкан. Кытай ал лагерлер кесип үйрөтүүчү жайлар экенин билдирип келатат.