Түркияда алты кыргызстандык жаран жыныстык кулчулуктан куткарылганы маалым болду. Бул тууралуу «Habertürk» сайты кабарлады.
Макалада Түркиянын баш калаасы Анкарада 16-апрелде полиция 11 үйдө тинтүү жүргүзгөнү жана алты кыргызстандык, төрт өзбекстандык жана үч казакстандык жыныстык кулчулуктан куткарылганы жазылды.
Полиция ошондой эле бир канча мылтык, акча жана телефон тапкан. Факт боюнча үч түрк жараны кармалып, аларга карата тергөө башталды.
Ал эми кармалган чет өлкөлүк кыз-келиндер Анкара шаардык миграциялык департаментине жөнөтүлдү.
Түркиянын Миграция департаментинин маалыматы боюнча, 2005-2017-жылдары 1 222 чет өлкөлүк жаран кулчулуктан куткарылган.
Өлкөнүн Кылмыш-жаза кодексинин 227-беренесине ылайык, сойкулукка мажбурлаган жана ага колдоо көрсөткөн адамдар эки жылдан төрт жылга чейин эркинен ажыратылат.
Былтыр 787 миңден ашык чет өлкөлүк жаран расмий катталган. Алардын басымдуу бөлүгүн Борбор Азия өлкөлөрүнөн иштегени барган мигрант кыз-келиндер түзөт.
2018-жылы Түркияда 30 миңден ашык кыргызстандык жаран катталган. (ElB)