Бул тууралуу Вашингтондогу «Perseus Strategies» юридикалык компаниясы орусиялык «Мемориал» укук коргоо борбору менен чогуу даярдаган баяндамада айтылат.
Мындай жыйынтык президент Владимир Путин баштаган өлкө бийлиги жаңы мыйзамдарды кабыл алып жатканы менен түшүндүрүлгөн.
Баяндамада саясий куугунтукка оппозициялык саясатчылар, жарандык активисттер, улуттук жана диний азчылыктардын өкүлдөрү, ЛГБТ-коомчулук жана Украинанын жарандары кабылып жатканы белгиленет.
Репрессиялык мыйзамдардын башында 2012-жылдан бери кабыл алынган массалык акцияларды өткөрүүгө жана диний ишенимдерге шек келтирүүнүн алдын алуу, гомосексуализмди үгүттөгө каршы мыйзамдар белгиленген. Саясий куугунтукка илинди деген адамдардын арасында ЮКОСтун мурдагы кызматкери Алексей Пичугиндин, украин режиссеру Олег Сенцовдун жана «Ачык Орусия» кыймылынын активисти Анастасия Шевченконун тагдырына өзгөчө басым жасалган. (ErN)