Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:06

Украин бийлиги орус паспортун алгандарга чара көрөт


Ирина Фриз
Ирина Фриз

Орусиянын паспортун алган украиналыктар социалдык төлөмдөрдөн жана пенсиядан кур калышат. Бул тууралууу Украинанын ардагерлер иши боюнча министри Ирина Фриз шаршембиде билдирди.

Украин өкмөтү Донбасс аймагынын тургундарына берилген орус паспортторун тааныбай турган чечим кабыл алган. Кремль Киевдин мындай реакциясына карабай каалаган украиналыктарга жеңилдетилген шартта орус паспортторун берүү улантыларын билдирди.

Апрель айынын соңунда Орусия президенти Владимир Путин Украинанын чыгышындагы жикчилдер көзөмөлдөгөн райондордун жашоочуларына орус паспортун берүүнү жеңилдетүү жөнүндө жарлыкка кол койгон. Украинанын жаңы шайланган президенти Владимир Зеленский буга жооп кайтарып, ал дагы “эркиндик үчүн күрөшкөн, коррупциялык режимден жабыркаган” орусиялыктарга паспорт бере турганын жазган.

XS
SM
MD
LG