Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:28

Абылгазиев "КТ Мобайлды" сүрөгөнүн танбайт


Эрназар Иманкадыр уулу, Мухаммедкалый Абылгазиев, Акылбек Жамангулов, Иманкадыр Рысалиев (солдон оңго карай). "Азаттыктын" коллажы".
Эрназар Иманкадыр уулу, Мухаммедкалый Абылгазиев, Акылбек Жамангулов, Иманкадыр Рысалиев (солдон оңго карай). "Азаттыктын" коллажы".

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «КТ Мобайл» жана анын артында турат делген бажасы Иманкадыр Рысалиев тууралуу комментарий берип, дооматтар ырастала электигин билдирди.

Өкмөт башчы аталган долбоорду өзү колдогонун, ал жок жерден саясатка айланып кеткенин айтты. Мунун алдында “Мегаком” компаниясынын директору Акылбек Жамангулов Рысалиев аны коркутканын билдирген. Буга оро-пара «КТ Мобайлдын» айланасындагы чыр боюнча өкмөттүн кызматтан кетишин талап кылгандар арбыды.

“КТ Мобайл” жана “бажа”

Мурдараак басма сөз катчысы аркылуу билдирүү тараткан өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев “КТ Мобайл” чуусу боюнча биринчи жолу журналисттерге ачык комментарий берди.

Бишкектеги санариптештирүүгө арналган жыйындан кийинки кыскача билдирүүсүндө ал компанияны алгач өзү сүрөгөнүн, учурда маселе негизсиз саясатташып кеткенин айтты.

Абылгазиев өзүнүн бажасы Иманкадыр Рысалиев жөнүндө да белгилеп, ал тууралуу маалыматтар тастыктала электигин кошумчалады.

“Чарбалык, экономикалык маселени саясий маселеге айлантып жатканыбыз туура эмес. Депутаттык комиссия түзүлүп, кечээ иштешиптир. Иштешти, баарын көрүшсүн. Бажа боюнча, уулу боюнча деп жатат, мен да өзүм туугандардын аралашканын туура эмес деп ойлойм. Бирок ошолордун баарын тастыктайлы. Мамлекеттик көз карашта боло турган долбоорлорду баарыбыз колдойбуз деп ойлойм. “КТ Мобайл” менен “Мегакомдун” биргелешип иштөө боюнча долбоорун мен өзүм колдогом, “ушундай жасаш керек” деп өзүм айткам. Себеби, азыр рынокто Кыргызстандын руху болгон уюлдук оператор, компания жок. Бул тармакта мамлекеттик компания түзүлсө, бул жаман эмес деп ойлойм”, - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Абылгазиев: "КТ Мобайл" долбоорун колдогом
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:07 0:00

Ал арада Кыргызстан Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) Бишкектеги өкүлчүлүгүнө кайрылып, "Ачык өкмөт" улуттук форумунун катчысы Иманкадыр Рысалиевди бул кызматынан чакыртып алууну сунуштады.

Рысалиев өзү да бул маалыматты "Азаттыкка" тастыктап, иштен кетүүнү чечкенин айтты.

Мындай өтүнүч менен премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев ЕККУга кайрылганын мамлекеттик "Кабар" агенттиги маалымдады.

Өкмөт башчы бул чечимди "Рысалиевдин тегерегинде түзүлгөн кырдаалга байланыштуу коомдук резонанстан улам" кабыл алганы айтылды.

Чырды күчөткөн билдирүү

Мунун алдында, 17-майда Жогорку Кеңештин атайын түзүлгөн депутаттык комиссиясынын олтурумунда “Альфа-Телеком" уюлдук компаниясынын жетекчиси Акылбек Жамангулов "КТ Мобайл" компаниясы менен иштешүүдө аны Иманкадыр Рысалиев коркутканын ачык айткан.

«​Иманкадыр Рысалиев бизди өкмөткө үч-төрт жолу чогултту. Анда аталган долбоорду тездетүүнү тапшырды. Ал бизди өкмөттүн аппарат жетекчисинин орун басарынын иш бөлмөсүндө үч жолу кабыл алган. Мындан тышкары Маалымат технологиялары жана байланыш боюнча мамлекеттик комитетте да бардык тиешелүү жетекчилерди кошуп чакырып, үч-төрт сааттык жыйын өткөргөн. Анда коркутуп-үркүткөнгө чейин барган. Мен жетекчи болуп келген соң "Альфа-Телекомдун" кызыкчылыгын коргошум керек. Ошондуктан ага каршы чыккандыктан үй-бүлөмө чейин асылып, "түбүңө жетем, текшертем, каматам, тиешелүү укук коргоо органдарды буга кошом" деп, премьер-министрдин атын айтып, коркутуп-үркүттү».

«Ачык өкмөт» бейөкмөт уюмунун баш катчысы Иманкадыр Рысалиев башында «КТ Мобайл» менен «Мегакомдун» ортосундагы чырга аралашып жатканын толук төгүндөп келсе, утур жаңы аргументтер чыккан сайын комментарийлерин өзгөртүп келет.

Башында өкмөт башчы менен бажа экенин жана кийлигишкенин четке какса, кийин алардын баарын ырастады. Ал уулу Эрназар «КТ Мобайлда» иштей турганын да моюнга алды.

«Азаттыктын» «Эксперттер талдайт» берүүсүндө болсо Иманкадыр Рысалиев Акылбек Жамангуловду коркутканын төгүндөдү.

«​Мени өкмөттүн жыйынына эч ким чакырган жок. Ага катышкан эмесмин. Бирок мен президентке караштуу санариптештирүү боюнча эксперттик топтун мүчөсүмүн. Биз ошонун алкагында атайын жол картаны иштеп чыкканбыз. Ошондо «КТ Мобайл» улуттук уюлдук оператору түзүлүшү керек деп көрсөтүлгөн. Мен Акылбек Жамангуловго ошонун негизинде иш кантип жатканы боюнча эле сурап кайрылгам. Анткени келишим түзүлгөнү менен, иш үзгүлтүккө учурап жаткан. Айтылып жаткан дооматы мени атайылап "ошол иштин артында турат" деп каралап, долбоорду үзгүлтүккө учуратууга жасалган аракет. Мен эксперттик топтун мүчөсү катары бул жагдайдан кабар алууга укугум бар», - деди ал.

Өкмөттү кетирүү талабы күчөдү

Кантсе да Рысалиевдин Жамангуловго жазган коркутуу иретиндеги СМСтери маалымат каражаттарында тарап, коомчулуктун кызуу талкуусунда турган учуру.

«КТ Мобайлдын» директору Нурбек Мукамбетов, анын орун басары Эрназар Иманкадыр уулу кеминде беш-алты миң доллардан айлык аларын көрсөтүлгөн кагаз да көп чуу жаратты. Алар өздөрү айлыгы мунун тең жарымына жетпей турганын айтып, бирок маселе чуу жаратканы үчүн кызматтары тапшырып кетишти.

Ага карабай депутаттар арасында жана саясий чөйрөдө премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин өзүн иштен кетирүү талаптары байма-бай айтыла баштады.

Экс-депутат, мурдагы вице-премьер-министр Камила Талиева буларга токтолду:

Камила Талиева
Камила Талиева

«Бир тууган бажасы, өкмөттө иштебесе да өкмөт үйүнө кирип алып, ал жердегилерди башкарып, мыйзам бузууларга барып жатат. Жетекчилерди чакырып алып, коркутуп-үркүтүп жатат, СМСтерин көрүп жатпайбызбы. Бул акылга сыйбаган көрүнүш, шермендечилик. Өкмөт башчы президентти уят кылды, мамлекет башчы «коррупция менен күрөшөм» деп жатса, оң колтугунда туруп алып билген намазын окуп атпайбы. Ошону үчүн премьер-министрдин мындан ары иштөөгө юридикалык да, моралдык да укугу калбай калды. Өкмөт башчы токтоосуз түрдө кызматтан кетиши керек», - деди.

Бирок эксперттер «КТ Мобайлдын» тегерегиндеги чуу коомчулукта канчалык нааразы пикирлерди жаратпасын өкмөттүн кызматтан кетиши азыр реалдуу эместигин айтууда.

Серепчи Гүлжигит Исаков Кыргызстанда өтчү Шанхай кызматташтык уюмунун саммитинин алдында президент өкмөт башчыны алмаштырууга кызыкдар эмес деген ойдо.

Гүлжигит Исаков
Гүлжигит Исаков

«Билесиңер да, буга чейин бир жылдык отчет берердин алдында өкмөттү депутаттар катуу сындап жаткан. Президент келип Жогорку Кеңеште бир кайрылуу жасады эле, эл өкүлдөрү отчетту толук канааттандырып беришти. Демек бул жерде баары президенттин каалоосуна көз каранды. Эгер президент өкмөттү кетиргиси келсе, бир кайрылуу менен кетиртип кое алат. Каалабаса кетирбейт. Ашууда ат алмаштырбайт дегендей Абылгазиевдин кызматтан кетиши бир-эки маанилүү иш-чаралардан кийин каралышы мүмкүн. Менин маалыматтарым боюнча жарым же бир айдын ичинде айрым документтерге кол коюлгандан кийин бул маселе каралышы ыктымал. Ошол эле кезде бул тирештин артынан «Мегакомдун» башчысы да кызматынан кол жууп калышы мүмкүн», - дейт.

«КТ Мобайл» 2003-жылы «Кыргызтелекомдун» карамагында негизделген. Каржы тартыштыгынан улам иштеп кете алган эмес. Дагы бир мамлекеттик компания – «Мегаком» бренди менен таанылган «Альфа-Телеком» жыштыкты бирге пайдалануу шарты менен «КТ Мобайл» компаниясын 345 млн. сомго каржылаган. Бирок «КТ Мобайл» компаниясы өз алдынча уюлдук оператор болгусу келгени «Альфа-Телекомго» жаккан эмес. Тараптар келишимин кайра карап жатышат.

"Эксперттер талдайт" берүүсү. 17-май, 2019-жыл

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG