Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:49

Токмоктогу «Бактылуу балалык» балдар үйүндө кайрымдуулук акциясы өттү


Иш-чарадан бир көрүнүш. 30-май, 2019-жыл.
Иш-чарадан бир көрүнүш. 30-май, 2019-жыл.

1-июнь - Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата Токмок шаарындагы «Бактылуу балалык» балдар үйүндө кайрымдуулук иш-чарасы өттү.

Балдар үйүнүн жетекчилиги уюштурган концертке бул мекемеге демөөрчүлүк жардамын берип келе жаткан шаар башкармалыгынын жана «Kyrgyz Children’s Future» («Кыргызстандык балдардын келечеги») кайрымдуулук фондунун өкүлдөрү катышты.

Акцияда дин кызматкерлери, Токмоктогу аскердик бөлүктүн жана «РСК банктын» өкүлдөрү балдарга белектерин тапшырышты.

«Бактылуу балалык» балдар үйү 2007-жылы «Бейкут үй» деген ат менен иштей баштаган. 2017-жылы ал үй-бүлө нугунда уюштурулган бала бакча болуп өзгөрүлүп, учурда түрдүү курактагы 15 баланы тарбиялап жатат.

Балдар үйүнүн жашоо шарттары кайрымдуулуктун аркасы менен кыйла жакшыртылган. Быйыл «Kyrgyz Children’s Future» фондунун жардамы менен канализация түйүнү оңдолуп, жакында пайдаланууга берилгени жатат. (KK)

XS
SM
MD
LG