Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:51

Өзбекстандын президенти Орозо айттын урматына жүздөгөн адамга ырайым берди


Шавкат Мизиёев.
Шавкат Мизиёев.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мизиёев Орозо айттын алдында түрмөдөгү жүздөгөн кишиге ырайым кылды. Бул өлкөдө ыйык Рамазан айы шейшемби күнү аяктап, Орозо айт 5-июнда белгиленет.

Мамлекеттик маалымат каражаттары жазгандай, президенттин жарлыгына ылайык, түрмөлөрдөн 361 адам чыгарылып, дагы 214 кишинин жаза мөөнөтү кыскарат.

Алардын арасында жашы 60тан өткөн жети киши, ошондой эле алты аял жана бир чет элдик жаран бар.

Мурдагы президент Ислам Каримовдун тушунда Орозо айттын урматына түрмөдөгүлөргө ырайым берилчү эмес.

30 миллион калкы бар Өзбекстан - Борбор Азиядагы беш мамлекеттин ичинен ислам салттары жана мурастары бекем сакталган өлкө.

XS
SM
MD
LG