Франциянын президенти Эммануэл Макрон жана Британиянын премьер-министри Тереза Мэй 75 жыл мурда «Нептун» операциясына катышкан ардагерлерге ыраазычылыгын билдирип, курман болгондорду эскеришти.
Макрон, Мэй жана АКШнын президенти Дональд Трамп – Экинчи дүйнөлүк согуш маалында негизги батыш союздук өлкөлөрдүн учурдагы лидерлери – Нормандияга 75 жыл мурда болгон окуяны эскерүү үчүн келишти.
Британиянын премьер-министри Тереза Мэй: «Эгерде бир күн кийинки муундардын тагдырын аныктайт деп айта турган болсок, Францияда, Британияда, Европада жана дүйнөдө бул күн – 1944-жылдын 6-июну болот. Ардагерлерге айтаар бир гана сөзүм – силерге рахмат».
Орусиянын президенти Владимир Путинге бул жылы чакыруу берилген эмес. 2014-жылы ал 70 жылдыкка катышкан. Ошондо Орусиянын, Украинанын, Франциянын жана Германиянын лидерлеринин алгачы сүйлөшүүлөрү Нормандияда болгон. Ушундан улам сүйлөшүүлөрдүн мындай форматы «норманд» деп аталып калган.
1944-жылы 6-июнда Англиянын түштүгүндөгү Портсмут шаарында Экинчи дүйнөлүк согуштун нугун өзгөрткөн «Нептун» операциясы болгон. Бул күнү АКШ, Британия, Канада баштаган бир катар өлкөлөр фашисттер көзөмөлгө алган Франциянын Нормандия аймагына өз күчтөрүн жайгаштырган.