Бишкек шаардык соту ушу тапта Жогорку Кеңештеги «Ата Мекен» фракциясынын мурдагы депутаты, экс-башкы прокурор жана мурдагы юстиция министри Аида Салянованын бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча адвокаттардын доо арызын карап жатат. Сот жабык өтүп жатканын жеринен «Азаттыктын» кабарчысы билдирди. Сотко мурдагы башкы прокурордун 20 чакты жакындары, тарапкерлери келишкен. Анын жакын туугандарынын бири Чынара Турдалиева Салянованы колдоо боюнча кол топтолуп жатканын, мындан тышкары президентке кайрылуу да жибериле турганын кабарлады.
5-июнда Бишкектин Биринчи май райондук соту Аида Салянованын бөгөт чарасын карап, аны 26-июнга чейин Бишкектеги №1 тергөө абагында камоо тууралуу чечим чыгарган. Мурдагы депутат кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши боюнча 3-июнда 48 саатка Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.
Акыркы күндөрү Саляновага №1 тергөө абагында коркутуу, кысым болуп жатканын анын адвокаттары, партиялаштары айтып жатышат. Ошондон улам алар мурдагы депутаттын бөгөт чарасын өзгөртүүгө чакырышууда. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) бул айтылгандарды четке каккан.
Салянова «Азаттыктагы» маегинде Батукаевдин бошотулганын ал өлкөдөн чыгып кеткенден кийин гана билгенин айткан.
«Мыйзамдагы ууру» атыккан Азиз Батукаев 2013-жылдын апрелинде Нарын шаардык сотунун чечими менен мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошотулуп, атайын коштоо менен Бишкекке жеткирилген соң токтоосуз Чеченстанга учуп кеткен.
Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу кылмыш иши быйыл кайра жанданды. Анын алкагында Саляновадан тышкары мурдагы саламаттык сактоо министри Динара Сагынбаева, ЖАМКтын жетекчисинин мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев, мурдагы вице-премьер-министр Шамил Атаханов, депутат жана беш медицина кызматкери кармалган. Эки дарыгер, Сагынбаева кайрадан үй камагына чыгарылган. Атахановдун да бөгөт чарасы өзгөргөн, ушу тапта ал да үй камагында. ЖАМКтын ошол кездеги башчысы, парламенттин азыркы депутаты Зарылбек Рысалиев да сурак берип жатканда өзүн начар сезип ооруканага түшкөн. 2013-жылы атайын прокурор болуп иштеп турган Нарын облустук прокурорунун орун басары Майрамбек Акматалиевдин өлкөдөн чыгышына тыюу салынган. Тергөөнү Ички иштер министрлиги жүргүзүп жатат. (NT/BkA)