Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:53

Кытай менен Тажикстан карым-катышын бекемдей турган болду


Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиң жана Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон. 15-июнь, 2019-жыл. Дүйшөмбү.
Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиң жана Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон. 15-июнь, 2019-жыл. Дүйшөмбү.

Тажикстан менен Кытай эки тараптуу байланыштарды бекемдөөгө багытталган 18 документке кол коюшту.

Ага 15-июнда Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарында өткөн Азиядагы өз ара кызматташуу жана ишеним кеңешинин саммитинин алкагында Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиң менен тажик президенти Эмомали Рахмондун сүйлөшүүлөрүнөн кийин кол коюлду.

Документтердин арасында террорчулукка каршы биргелешип күрөшүү, инвестиция салуу, айыл чарба багытында кызматташуу жана биргелешкен ишканаларды ачуу тууралуу келишимдер бар.

Кытайдын Тажикстандагы элчиси Лю Бин буга дейре эки өлкөнүн ортосундагы соода-сатык былтыр 1,5 миллиард долларды түзгөнүн билдирген. Кытай элчисинин маалыматына караганда, Бээжин учурда Тажикстандагы эң чоң инвестор болуп саналат. Ошондой эле Дүйшөмбүнүн үчүнчү ири соода өнөктөшү.

15-июнда Дүйшөмбүдөгү бир күндүк саммитке Кыргызстандын, Орусиянын, Казакстандын, Өзбекстандын президенттери, Пакистандын премьер-министри, Кытайдын төрагасы катышты. Алар 13-14-июнда Бишкекте Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) кезектеги саммитине келишкен. Тажикстандагы жыйынга мындан тышкары Азербайжандын, Ооганстандын, Ирактын, Ирандын, Монголиянын, Түркиянын, Египеттин, Израилдин, Түштүк Кореянын жана Перс булуңундагы араб өлкөлөрүнүн жетекчилери да келишти.

Бул саммитте АКШ, Украина, Беларус, Жапония, БУУ жана ЕККУ байкоочулук кылды. Саммитте өз ара кызматташтыкты бекемдөө, эл аралык коркунучтарга каршы күрөшүү боюнча биргелешкен декларация кабыл алынды.

XS
SM
MD
LG