Линктер

жекшемби, 21-июль, 2019 Бишкек убактысы 21:28

Салянованын лицензия боюнча ишин Жогорку сот 24-июлда карамай болду


Аида Салянова.

Жогорку сот парламенттин мурдагы депутаты, экс-башкы прокурор жана мурдагы юстиция министри Аида Саляновага карата лицензия боюнча козголгон кылмыш ишин 24-июлда кайра карамай болду.

Бул тууралуу «Азаттыкка» Жогорку соттун басма сөз кызматынын өкүлү Чынара Мамытканова билдирди.

Сот бүгүн 20-июнда болмок, бирок Салянованын жактоочусу Чынара Жакупбекова ишти башка күнү кароону өтүндү.

Саляновага байланышкан иш быйыл жыл башында жаңы кодекстер ишке киргенине байланыштуу каралганы жатат.

19-июнда жергиликтүү бир катар укук коргоочулар президент Сооронбай Жээнбековго кайрылып, Салянованын Жогорку сотто кайра карала турган ишине көңүл бурууга чакырышты.

Салянова 2010-жылы юстиция министринин милдетин аткарып турганда «мурдагы президенттин уулу Максим Бакиевдин өнөктөшү Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узарткан жана бул ишти жетиштүү иликтеген эмес» деген негизде айыпталып, беш жылга эркинен ажыратуу жана үй-мүлкүн конфискациялоо тууралуу чечим чыккан.

Салянова дагы бир иш боюнча айыпталууда. Ал кримтөбөл Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда абактан бошоп чыгышына байланыштуу кармалып, Бишкектеги №1 тергөө абагына отургузулган. Кийин жүрөк оорусуна байланыштуу ооруканага которулган. (AlS)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG