Кыргыз гидрометеорология агенттиги билдиргендей, өлкөдө 25-июнда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Дыйканчылык аймактарда жаан-чачын болбойт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундуна 1-6 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 15…20, күндүз 29…34;
Суусамырда түнкүсүн 0…5, күндүз 17…22;
Таласта түнкүсүн 11…16, күндүз 28…33;
Баткенде түнкүсүн 16…21, күндүз 30…35;
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 16…21, күндүз 29…34;
Ысык-Көлдө түнкүсүн 9…14, күндүз 22…27;
Нарын облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 20…25;
Бийик тоолордо түнкүсүн -3…+2, күндүз 7…12 градус болот.
Бишкекте 25-июнда жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундуна 1-6 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 17…19, күндүз 32…34 градус жогору болот.