Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:48

Ошто ЕАЭБдин талаптарына шайкеш касапкана ачылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Евразия Экономикалык Биримдигинин (ЕАЭБ) талаптарына жооп берген касапкана Өзгөн районунда ачылды. Аны курууга жалпысынан 15 миллион сом сарпталды. Өзгөн райондук администрациясынын агрардык маселелер боюнча бөлүм башчысы Имангазы Абдраевдин “Азаттыкка” маалымдаганы боюнча, 11 миллион сомду мамлекет берди, калганын “Касым ата” фермерлдик чарбасы кошкон:

-Бул касапкана ЕАЭБдин да, ХААСПтын да стандарттарына толугу менен жооп берет. Бул цехтин курулушу үчүн Айыл чарба министрлиги “Айылбанктан” 11 млн. сом насыя алган. Анын 10 млн. сому 6% менен, 1 млн. сому 16% менен кайтарылат. Цехте бир суткада 150гө чейин мал союлат. Анда 20 тоннага чейин эт бата турган муздаткычы бар.

Жаңы касапканада 25 киши иштейт. Касаптардан тышкары ветеринардык дарыгер жана лаборант бар. (MdN)

XS
SM
MD
LG