Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Декабрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:35

Өзбекстан Пакистанда согушкерлерге кошулган үй-бүлөнүн балдарын алып келди


Динчил согушкер топтордун арасындагы өзбек аял. 29-май, 2019-жыл. Сирия.
Динчил согушкер топтордун арасындагы өзбек аял. 29-май, 2019-жыл. Сирия.

Өзбекстандын Мамлекеттик коопсуздук кызматы Пакистанда согушкерлерге кошулуп кеткен үй-бүлөнүн төрт баласын мекенине кайтарды.

«УзА» агенттиги билдиргендей, анжияндык Фархад Хамракулов аялы жана үч баласы менен 2012-жылы Орусияга иштегени барган, андан ары Азербайжан жана Иран аркылуу Пакистанга өтүп кеткен. Ал жакта Фархад «Түркстан ислам кыймылы» деп аталган террордук топко кошулуп, көп өтпөй чабуулда мүрт кеткен. Жубайы башка бир согушкерге турмушка чыгып, бир балалуу болгон. 2018-жылы оорудан улам көз жумган.

Өзбек өкмөтү балдарды Ооганстан аркылуу алып келип, Анжияндагы туугандарына тапшырды. Алардын чоңу 16, кичүүсү 6 жашта.

 

XS
SM
MD
LG