Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:12

Атамбаевдин "айбаты", бийликтин кадамы


Алмазбек Атамбаев.
Алмазбек Атамбаев.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев үчүнчү жолу суракка баруудан баш тартты.

Мурдагы президент Жогорку Кеңеш аны кол тийбестиктен мыйзамсыз ажыратканын, андыктан суракка барбай турганын айтып келет.

Алмазбек Атамбаевдин адвокаты Сергей Слесарев Атамбаевдин суракка чакырылышы мыйзамсыз экенин белгилеп, ички иштер министри Кашкар Жунушалиевге үчүнчү ирет кат менен кайрыла турганын маалымдады.

"Бул менин үчүнчү катым. Биринчи катты тергөөчүгө, экинчисин Тергөө кызматынын башчысына жөнөткөм. Муну министрге жиберем. Себеби, Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу боюнча парламенттин токтому аларга мурдагы мамлекет башчыны суракка чакырууга укук бербейт", - деди жактоочу.

ИИМдин Тергөө кызматы Алмазбек Атамбаевди кримтөбөл Азиз Батукаевди абактан бошотуу ишине күбө катары көрсөтмө берүүгө чакырып келет.

Ал ортодо мурдагы президенттин кеңешчиси Кундуз Жолдубаева “Бийлик 19-июлда мурдагы президентти күч менен кармоого даярданып жатат” деген маалымат таратты. ​

Анын айтымында, ушу тапта Кой-Таштагы "Атамбаевди коргоо штабына” эл чогулуп жатат.

Кундуз Жолдубаева.
Кундуз Жолдубаева.

“Акыркы кырдаалга байланыштуу бүгүн саат 8де “элдик штабдын” ыкчам жыйын курат. Жыйналыш жабык өтөт. Анын жыйынтыгын жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялайбыз”, - деди Кундуз Жолдубаева.

Ички иштер министрлиги Атамбаевдин тарапташтары тараткан маалыматты төгүндөгөн да, ырастаган да жок.

Коомчулукта суракка баруудан баш тарткан Алмазбек Атамбаевге бийлик мыйзам чегинде кандай чара көрөт деген суроо жаралды.

Эгемен Кыргызстандын тарыхында мындай тажрыйба алгачкы жолу болуп жаткандыктан юристтер кырдаалды ар кандай чечмелешүүдө.

“Адилет" укук клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупова маселени чечүү татаалдашып кеткенин эске салды.

“Мыйзам боюнча чакырууну үч жолу четке каккан учурда, суракка мажбурлап алып келсе болот. Бирок бул жөнөкөй маселе эмес. Бир жактуу айтыш кыйын. Бул иште укуктан мурда саясат биринчи орунга чыкты. Бир адам бардык өлкөнү шантаж кылып атат. Маселени ушунчалык саясатташтырып жибердик. Эки тарап бири-бирин коркутуп жаткандай эле элес калтырат”.

Буга чейин Венгриядагы Борбордук Европа университетинин докторанты, конституциялык укук боюнча адис Сания Токтогазиева да "Азаттыкка" курган маегинде маселе саясатташып кеткенине белгилеген.

Сания Токтогазиева.
Сания Токтогазиева.

"Бул жерде Конституциялык палатанын эки түрлүү чечим чыгарууга шарты бар. Биринчи - «бийлик бутактарынын ортосундагы тең салмактуулукту сактагыбыз келет жана Жогорку Кеңештин ички ишине эч кандай тиешебиз жок» деп, Атамбаевдин адвокаттарынын арызын карабай коюшу мүмкүн. Эгерде жакшылап укуктук негиздеме берсе, мындай чечим деле туура болот.

Экинчи – Атамбаев тараптын арызын кабыл алса, анда Конституциялык палата парламенттин куугунтугуна даяр болушу керек. Эгер ошол жүктү тартууга киришсе, биз эл катары да, коом катары да Конститутуциялык палатаны коргоого аракеттенишибиз абзел. Ошол себептен Конституциялык палата бардык нерсени таразалап, тең салмактап, азыркы болгон саясий жана укуктук кырдаалды, процессти эске алып, мыйзамдуулукту орнотууга жана конституционализмди бекемдөөгө салым кошо турган чечим кабыл алат деп ойлойм.

Азыр Атамбаевдин маселеси укуктук талаадан чыгып, саясий процесске өтүп кетти. Эгерде Конституциялык палата Жогорку Кеңештин токтомун Конституцияга туура келбейт деп эсептесе, анда бул процессти кайта башынан баштоого шарт түзөт", - деген Сания Токтогазиева.

Буга чейин ИИМ Атамбаевге 8-июлда, андан кийин 10-июлда чакыруу жиберген.

Бирок Кой-Таштагы үйүнүн алдында тарапташтары менен жолугушкан Алмазбек Атамбаев суракка барбай турганын айтып, буга азыркы бийликке ишенбесин жана мыйзамсыз иштер болуп жатканын жүйө келтирген.​

«Мен эмнеге ИИМге барышым керек? Кандайдыр бир кагаздар, суроолор болсо түптүз эле адвокатым Слесаревге бере берсе болот. Бирок азыркы бийлик Конституцияны, мыйзамды сыйламайынча булардын оюндары менен ойногум келбейт», - деген Атамбаев.

27-июнда Жогорку Кеңеш Алмазбек Атамбаевди экс-президент статусунан ажыраткан. Парламенттин бул чечими укук коргоо органдарына аны кылмыш жообуна тартууга мүмкүнчүлүк берет.

Мурдагы президенттин тарапкерлери муну "саясий куугунтук" деп атап, бийликти айыптап келет. Бирок Атамбаевдин кескин сынына президент Сооронбай Жээнбековдун командасы жооп бере элек.

Парламенттеги бир нече депутат жана Атамбаевдин тарапташтары анын экс-президент макамынын алынышы, буга байланыштуу депутаттык комиссиянын түзүлүшүнүн мыйзамдуулугун тактоо үчүн Конституциялык палатага 25-июнда кайрылган. Алардын кайрылуусу Конституциялык палатага келип түшкөн жана каттоого алынган. Азырынча кайрылууну өндүрүшкө алуу же андан баш тартуу боюнча Конституциялык палата чечим чыгара элек.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG