Линктер

шаршемби, 17-июль, 2019 Бишкек убактысы 03:01

Апта: Атамбаевдин талабы, кемедеги кырсык


3-июлдагы митингде тартылган сүрөт.

Узап бараткан аптанын урунттуу окуяларына сереп (1-7 июль, 2019-жыл).

Бул жумада негизги саясий окуялар мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин айланасында болду.

Бишкекте 3-июлда Атамбаев, аны колдогон Жогорку Кеңештин депутаттары жана алардын санаалаш-пикирлештери «Медиа Форум» имаратынын алдында «Соке болбой калды!» аттуу нааразылык акциясын өткөрүштү. Митингде бийликти жаңылап-жаңыртуу жөнүндө талап коюлду, Жогорку Кеңештин мурдагы президентти кол тийбестик макамынан ажыратканы айыпталды.

Алмазбек Атамбаев чогулгандардын алдына чыгып сүйлөп, президент Сооронбай Жээнбековдун саясатын «от менен ойноп жатат» деп сындады:

«Абылгазиев менен Сооронбайдын колунун эч нерсе келбейт. Жаш жигиттерди алып барса ошондо өлкө өнүгөт. Мен анын (Сооронбай Жээнбеков – ред.) өзүнө деле айткам, «телефонду жакшы колдонгонду билбейбиз, жаштар келиши керек» дегем. Анан «санариптештирүү» деп дүйнөгө уят болуп жатабыз. Матраимов менен Жээнбековдун кланы өлкөнү башкарып жатат. Парламентке жаш, жаңы лидерлер келиш керек».

Митингде саясий оппоненттерди мунаса келүүгө үндөгөндөр болду. Парламенттин экс-депутаты Равшан Жээнбеков бийлик менен оппозицияны диалог курууга чакырды:

«Мен президенттен суранар элем: али да болсо кеч эмес, диалогго, тегерек үстөлгө отуралы. Кыргызстан оор саясий кризиске келип такалды. Биз муну моюнга алышыбыз керек. Биз оппозиция катары баарыбыз биригип, бийликке каршылык көрсөткөндү, сындаганды, туура эмес нерсесин айтканды үйрөнүшүбүз керек. Мына ушул жакшы мамлекет болуп эсептелет. Бийлик жаңы оппозицияга чыдаганга, камабаганга, күч колдонбогонго аракет кылса өзүнө жакшы болуш керек. Биз Атамбаевди басмырлабастан, анын күчтүү оппозиция болушуна шарт түзүшүбүз керек».

Бийликке каршы митингдин соңунда резолюция кабыл алынды. Анда президент «Сооронбай Жээнбеков шайлоодо берген убада-ураандарын унутту» деп белгиленди. Өлкөдөгү мыйзамсыздыкты токтотуу, өкмөттү кызматтан кетирип, элдик өкмөттү шайлоо, күч жана көзөмөл органдарынын жетекчилерин тез арада алмаштыруу, саясий атаандаштарын абактан бошотуу, чуулгандуу иштерди калыс тергөө, мамлекеттик бийликтин беделин кетирген аткаминерлерди люстрациялоо, мамлекеттик аппараттын чыгымдарын азайтуу, жетекчилик кызматтарга жаңы, прогрессивдүү адамдарды алып келүү сыяктуу талаптар болду.

Резолюцияга ылайык, бийликке эки ай мөөнөт берилди, талаптар аткарылбаса азыркы президентти кызматтан кетирүү, парламентти таратуу аракеттери башталары жарыяланды.

Атамбаев: Жээнбековдун бийлигин тааныбайм
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:44 0:00

Өткөн айдын аягында Жогорку Кеңеш Алмазбек Атамбаевди «экс-президент» макамынан ажыраткан. Мындан кийин аны кылмыш жоопкерчилигине тартууга жол ачылган. Мунун алдында мурдагы президенттин ондогон тарапкерлери Кой-Таш айылындагы анын үйүндө топтолушкан.

Парламенттеги «Ата Мекен» фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматовдун пикиринде, мурдагы президент азыркыны бир жактуу сындаган ультрарадикал оппозицияга айланды. Анын баамында, коомчулукта ар кандай күдүк ойлор жаралбашы үчүн Атамбаевдин кол тийбестиги алынгандан кийинки иштер боюнча Башкы прокуратура элге байма-бай маалымат берип турушу керек.

Алмамбет Шыкмаматов.
Алмамбет Шыкмаматов.

«Саясий кризис дегенге кошулам, - деди ал. - Саясий тирешүүнү көрмөксөн-билмексен болуп коюу мүмкүн эмес. Чынында эле эл арасында бөлүнүү бар, пикирлер бирдей эмес. Бүгүн саясий кризистин босогосунда турабыз. Парламент кол тийбестикти алды. Эми күч органдарында жоопкерчилик бар. Ошондуктан тез аранын ичинде кылмышы барбы-жокпу, элге айтып, тынчытыш керек. Мындай учурда башкы прокурор басма сөз жыйынын өткөрүп, коомчулукка эмне иш болуп жатканын айтып турушу керек эле. Азыр баары оозуна талкан салып алгандай унчукпайт».

Президент Сооронбай Жээнбеков жана анын аппараты оппозициянын талаптары тууралуу эмгиче үн ката элек.

Ал арада бийликке саясий туңгуюктан чыгуунун ар кандай жолдору сунушталып жатат. Маселен, саясатчы Адахан Мадумаров мурдагы-азыркы бийликтин ортосундагы тиреш тууралуу кайрылуу таратты. Ал журт жакшылары мындайда карап турбай, арачылык кылышы зарыл экенин билдирди. Мадумаров азыркы жагдайга эки тарапты тең күнөөлөдү. Ал азыркы жагдайды президенттик шайлоо мыйзамсыз өткөнү менен байланыштырды:

«​Бийлик азыркы учурдагыдай алешемдикти уланта берсе, анда Атамбаевди колдоп кете турган күчтөр күн санап көбөйө берет. Бул мыйзам ченемдүү нерсе. Ошого жараша азыркы бийлик алсырай баштайт. Эки тараптын тиреши күчөп, кырдаал курчуп кетүү коркунучу бар. Мындай жагдайда президент Жээнбековдун, экс-президент Атамбаевдин же парламенттин да өкмөтүн эмес, тараптар кеңешип туруп, элге таянган, элдик өкмөт түзүү маселеси келип чыгат. Биз ушундай демилге аркылуу гана конституциялык жол менен кырдаалдан чыга алабыз».

Кыргызстанда парламенттин мурдагы 11 төрагасынан турган Спикерлер кеңеши өлкөдөгү акыркы саясий кырдаал боюнча билдирүсүн жарыялады. Кеңештин мүчөсү Мукар Чолпонбаев мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге да, азыркы бийликке да мыйзамды сыйлоого, мыйзам алдында баары бирдей экенин унутпоого чакырык ташталганын билдирди:

«Атамбаевге «токтот» деген мааниде айттык. «Мындай кылганга болбойт, анткени өзүң бийликте турган кезде ушулардын баарын баштап бергенсиң, кылгылыктын баарын кылгансың, бир кезде өзүң «баары мыйзамдын чегинде болуп, ууру түрмөдө отурушу керек» деп айткансың, эми кайра Жогорку Кеңеш, тергөө органдары өзүңдүн кылмыш кылганың тууралуу айтса, «мен аларга ишенбейм, курал менен коргоном» дегениң туура эмес. Бийликке, жетекчилик кызматтарга компетенттүү, татыктуу адамдар келиши керек. Алардын кай жерде туулганы, кимге кандай тууганчылык жайы бар экенине карабастан, ишке болгон мамилеси менен компетенттүүлүгүнө карап кызматка алыш керек» деген маселе койдук».

Кыргызстандагы кырдаалды эл аралык серепчилер да байкап турушат. Париждеги «IHS Markit» маалымат борборунун улук талдоочусу Алекс Меликишвили «Азаттыктагы» маегинде Кыргызстандагы азыркы окуяларды саясий кризис деп сыпаттагысы келген жок:

«Көп нерсе кыргыз бийлигинин азыркы кырдаалды кантип жөнгө саларына көз каранды болмокчу. Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнүн жанындагы жолдорду тороп-тосмолоо – мыйзамсыз аракет. Чагым да болушу мүмкүн деп ойлойм. Себеби өкмөт коомдук тартипти, мыйзамдарды коргоого жооп берет. Ички мекеме жолдорду тосмолоо мыйзамга каршы келерин расмий билдириши керек. Ошол эле маалда тартип коргоо органдары жолду тазалоого киришсе, милиция менен Атамбаевдин тарапкерлеринин ортосунда кагылышуу чыгып кетиши ыктымал. Эми өкмөттүн кандайдыр бир чара көрүүгө убактысы келди. Балким этият болуп, кырдаал өзү менен өзү басаңдашын бир аз күтүп турушу зарыл. Себеби Атамбаев ошончо көп адамды өз үйүндө кармап тура албайт. Ал үчүн да бул чыгашалуу болуп калат. Президент балким билдирүү жасаса жакшы болмок деп ойлойм. Зомбулукка жеткирбөөгө, тынч болууга чакыруу маанилүү болот эле. Ошол эле учурда «жолдорго тосмолорду, бетондорду орнотуу, шак төгүү мыйзамсыз, милиция азыр карманууга тийиш» деп так айтса жарашмак. Ушу маалда тосмолорду алдыруу ката болот».

Жуманын башында экс-президент Роза Отунбаева мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестигинин алынышы тууралуу атайын билдирүү таратты. Анда Отунбаева Атамбаевге импичмент жарыялоо 2016-жылы ошол кездеги «Ата Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин демилгеси болгонун эстеген. Экс-президент депутаттык комиссиянын «Атамбаев саясий куугунтукка алды» деген айыптоосунан Башкы прокуратура негиз таппай койгонуна өкүнгөн. Отунбаева Атамбаев бийликте турганда саясий атаандаштарын куугунтуктаганы менен, өзү ошондой тагдырга туш болушун каалабай турганын айткан. Анын дарегине айтылган дооматтар бейтарап жана калыс иликтениши керек экенин эскерткен.

«Алмазбек Атамбаев коомчулукта конфронтацияны, радикализмди, келишпестикти жарата турган бөлүп-жаруучу түшүнүктөрдү таратуу чеберчилигин эң жакшы билет. Ушул күндөрү Атамбаев укуктук аракеттерге каршы иштерге даярдык катары баалоого боло турган бир нече нерселерди айтып жиберди. Азыркы бийликти «Бакиевдики» деп атоо менен ал бир гана нерсени - аймак аралык кастыкты козутууну, өлкөнү өз жана өзгө деп бөлүүнү көздөп жатат. Аялдардан, аксакалдардан жана жаштардан өзүнө тирүү коргон жасап, өзүнө карата ыкчам тергөө аракеттерине курал менен каршылык көрсөтөрүн билдирүүдө. Ал муну оппозициялык ишмердүүлүк жана жеке эрдик катары сүрөттөп жатат, бирок ал өзүнүн саясий чабалдыгын жана адамдык алсыздыгын көрсөтүүдө», - деди Отунбаева.

Бул жумада Коомдук биринчи канал мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин аялынын мыйзамсыз иштерге аралашканы боюнча журналисттик иликтөө программа көрсөттү. Анда президенттик аппараттын соттук реформа жана мыйзамдуулук боюнча мурдагы бөлүм башчысы Манасбек Арабаевдин Раиса Атамбаевага каршы көрсөтмө бергени, анда кытайлык ишкерлердин мүлкүн тартып алууга катышы бар экенин айтканы белгилүү болду.

«2016-жылы БЛС деп аталган курулуш компаниясынын ишин кароо учурунда ал (Раиса Атамбаева) бир нече жолугушуу өткөрүүнү суранган. Бул жолугушуулар болгон. Жолугушууга башка адамдар да катышкан. Алардын катарында биринчи айымдын уулу Раис да катышкан. Жолугушууларда соттук ишти чечүүгө көмөктөшүүнү суранышкан. Экинчи баскычта. Азыркы учурда экс-президенттин жубайы Раиса Минахмедовна судья Жаркеевага тийишпей, аны кызматтан четтетпөөнү суранганын кабарлай алам», - деген Арабаев суракта көрсөтмө берип жатып.

Алмазбек Атамбаевдин штабы бул маалыматты каралоо деп баалап, мурдагы президенттин тарапкерлеринин каршылык акциясынан алаксытуу катары сыпаттады.

Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) расмий өкүлү, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Кундуз Жолдубаева Коомдук телерадиоканал тараткан маалымат «чындыкка коошпой» турганын билдирди:

«Бул коомдук пикирди жаратуу максатында жасалган кара пиардын бир түрү. Ал көрсөтүүдө көбүртүп-жабыртылган маалыматтар болду. Так фактылар болгон жок. Атайылап каралаш үчүн жасалган».

Коомдук канал көрсөткөн чырлуу курулуш боюнча буга чейин мурдагы депутат, судьялар баш болгон бир нече адам камакка алынган эле.

Ал арада, 5-июлда Манасбек Арабаев үй камагына чыкканы белгилүү болду.

Эмнеси болсо өлкөдөгү азыркы саясий жагдайды Эл акыны Элмирбек Иманалиев күйүп-бышып ырдап чыкты. Ал комуздун коштоосунда, кадимки кошоктун обонуна салып саясатчыларга кайрылды.

«Ак үйдөн бүгүн пайда жок,

Акындын иши шол экен,

Айткандан бөлөк айла жок.

Кеткенинен да пайда жок,

Келгенинен да пайда жок.

Кеңкелес укпайт, эл угат,

Бүгүн кейишти айтам айла жок», - деп агынан жарылган акын андан ары бийликтин бүгүнкү ишти эртеңкиге жылдырган чечкинсиздигин сындап, ал ортодо «тентектер телтеңдеп, кошомат менен күн көргөн кокуйлар көбөйүп, адамдын башын адам жеген, адалдын башын арам жеген» заман келгенин ырга салып, карыз менен күн көрүп калган өлкө тагдырына кейиди.​

Орусия: кеме кырсыгында 14 жоокер ажал тапты

1-июлда Орусияда Баренц деңизинде Түндүк аймактык Аскер-деңиз флотунун 14 жоокери суунун тереңинде илимий изилдөө менен алектенген кемеде чыккан өрттөн мерт болду. Башында Кремль кырсыктаган кеме, андагы аскерлер тууралуу маалымат берүүдөн баш тартып жаткан. Ошондон улам түркүн божомолдор айтылган.

Владимир Путин жана Сергей Шойгу.
Владимир Путин жана Сергей Шойгу.

Су астында жүрүүчү кемедеги 14 жоокердин ажалына себеп болгон кырсыктан үч күндөн кийин Орусиянын президенти Владимир Путин коргоо министри Сергей Шойгуну кабыл алды. Андагы сүйлөшүүдөн кырсыктаган кеме атомдук энергия менен иштей турганы белгилүү болду.

Министр Шойгу Путинди кеменин реактору коопсуз абалда экенине ишендирүүгө аракет кылды.

«Кемедеги өзөктүк реактор толугу менен изоляцияланды. Экипаж аны сакташ үчүн бардык зарыл аракеттерди көргөн. Реактор азыр жарактуу абалда», - деди Сергей Шойгу.

Ошондой эле ал кеме жакын арада кайра иштей баштай турганына үмүт бар экенин жана өрт суу алдындагы кеменин батареялык бөлүгүндө тутанганын кошумчалады. Бирок кырсыкка эмне себеп болгону айтылган жок.

Владимир Путин кеме кырсыгында ажал тапкан деңиз аскерлерине сыйлыктарды ыйгарганы белгилүү болду.

Евробиримдиктин жаңы жетекчилери аныкталды

Бул жумада Европа Биримдиги аткаруу органдарына жаңы адамдарды тандады. Брюсселдеги үч күндүк саммитте талапкерлерди тандоо талаш-тартыш менен коштолду.

Европанын лидерлери «эки башкы кызматты аялдар ээлесин» деген Франциянын президенти Эммануэл Макрондун сунушуна макул болушкан. Ошондон улам Европа комиссиясынын жетекчилигине Германиянын коргоо министри Урсула фон дер Ляйен жана Европа борбордук банкынын төрагалыгына Кристин Лагард көрсөтүлгөн.
Германиянын коргоо министри Урсула фон дер Ляйендин талапкерлиги Европа Биримдигинин эң жогорку аткаруу органы - Европа комиссиясынын төрагасынын кызматына көрсөтүлдү.

Дональд Туск.
Дональд Туск.

«Эми Европарламент комиссиянын президентинин кызматына Урсула фон дер Ляйендин талапкерлигин карайт. Эгер ал шайланып калса, Еврокомиссияны жетектеген биринчи аял болот», - деди Европа Кеңешинин төрагасы Дональд Туск.

Урсула фон дер Ляйен Германияда аялдардын арасынан чыккан биринчи коргоо министри болгон.

Негизинен бул кызматка барчулардын арасында голландиялык социал-демократ Франс Тиммерманстын аты көп аталып жаткан. Аны Дональд Туск жана Германиянын канцлери Ангела Меркел баштаган Евробиримдиктин бир топ лидерлери колдоп жаткан. Бирок Франс Тиммерманстын талапкерлигинин көрсөтүлүшүнө Борбор жана Чыгыш Европадагы бир топ өлкөлөр макул болгон жок. Тиммерсон аларды «Европа баалуулуктарын чанат, сөз эркиндигин коргобойт, сот системасынын эркиндигине коркунуч жаратат» деп айыптап, миграция саясаты боюнча да сындап келген. Андан сырткары ага Европарламенттеги оңчул-центристтик Европалык элдик партиясынын фракциясы каршы чыкты.

Урсула фон дер Ляйен орус бийлигин, Владимир Путиндин саясатын кескин айыптаган саясатчы экени белгилүү.

Талапкерлерди тандоого ылайык, Европа Кеңешинин төрагасы, польшалык Дональд Тусктун ордун болсо 43 жаштагы бельгиялык премьер-министр Шарль Мишел ээлейт. Ал эми Европа Биримдигинин тышкы саясат боюнча комиссары, италиялык Федерика Могерининин кызмат ордун Испаниянын тышкы иштер министри, 72 жаштагы социалист Жозеп Боррел аткарат.

Европа парламентинин жаңы курамы 3-июлда спикер кылып италиялык Давид-Мария Сассолини шайлады. Ал экинчи айлампада үч атаандашынан көп добуш алып утуп чыкты. Сассолинин талапкерлигин 345 депутат колдоду, бул Европарламенттеги жалпы депутаттардын теңине жакынын түзөт.

Европарламенттин жаңы спикери Давид-Мария Сассоли саясатка келгенге чейин италиялык башкы басылмаларда 20 жыл журналист болуп иштеген. 2009-жылы оңчул-центристтик Демократиялык партиянын тизмеси депутат болуп келген. Ошондон бери Европарламенттин эки курамында шайланып келген.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG