Орусиядагы "Левада-борбору" уюмунун соңку сурамжылоосуна ылайык, жарандардын 38 пайызы 2024-жылы Владимир Путиндин кайрадан президент болушун каалабайт. Соңку бир жылдын ичинде ушундай ойдо жүргөндөрдүн көрсөткүчү 11 пайызга көбөйдү.
Сурамжылоо 18-24-июль күндөрү жүргүзүлгөн жана ага катышкандардын 54 пайызы Путиндин кийинки мөөнөткө калышын колдогон. Ал эми арсар ойдогулар да кыйла көбөйүп, 8 пайызды түзгөн.
Орусиядагы мыйзамдарга ылайык, Владимир Путин үч жолу катары менен президент боло албайт. Бир катар эксперттер ушул тушта Кремль бул эрежени бузбай туруп Путиндин дагы бийликте калышын шарттаган жол-жобо издеп жатканын айтышат.