Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:43

Жолдошева: Мурдагы жана кийинки бийликтин жоопкерчиликсиздиги ушуга жеткирди


Жылдызкан Жолдошева.
Жылдызкан Жолдошева.

Экс-депутат Жылдызкан Жолдошева парламенттин, азыркы жана мурунку президенттердин жоопкерчиликсиз мамилеси ушул кырдаалды жаратканын "Азаттыкка" билдирди. Анын пикиринде, парламент да мыйзам чегинде иштеп, президент да кылдат мамиле кылып, ушундай кырдаалга жеткирбөөгө аракет кылышы, экс-президент Атамбаев да мыйзамга баш ийип тергөөгө күбө катары көрсөтмө бериши керек эле.

- Парламент Атамбаевден экс-президенттик макамды алууга жооптуу мамиле кылышы керек эле. Азыр деле Алмазбек Атамбаев тергөөгө барышы зарыл. Ал эми ошол жердеги жарандар абалды туура түшүнүп тарап кетиши зарыл. Бийлик сүйлөшүү жолуна өтүп, экөөнүн ортосунда сүйлөшүү үчүн күчтүү саясатчы керек жана эки тарап тең мыйзам талаасына келиши зарыл. Антпесе абал курчуп кетиши мүмкүн, - деди мурдагы депутат.

XS
SM
MD
LG